16-берене. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык экономикалык жактан негизделген камсыздандыруу тарифтерин же алардын деңгээлдеринин чектерин жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүн аныктоодо камсыздандыруучунун аларды колдонуу тартибин белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу тарифтерин, алардын түзүмүн ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
3. Камсыздандыруу тарифтери базалык коюмдардан жана коэффициенттерден турат. Камсыздандыруу тарифтеринин курамына кирүүчү коэффициенттер камсыздандыруу тобокелдигинин чоңдугуна таасир берген, турак жай жайгашкан аймакка, турак жайдын техникалык абалына жараша белгиленет.
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрү камсыздандыруу тарифтеринен жана камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмүнөн келип чыккан төлөмдөр катары эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген камсыздандыруу тарифтери камсыздандыруучу үчүн милдеттүү болот. Камсыздандыруучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча белгиленгенден айырмаланган коюмдарды жана (же) коэффициенттерди колдонууга укуксуз.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-16" title="16-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>