8-берене. Камсыздандыруу окуялары
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июня 2021 года № 82
1. Камсыздандыруу окуялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өрт (жалындын, түтүндүн, жогорку температуранын таасири), анын ичинде камсыздандырылган жайдан тышкары чыккан өрт;
2) өрттү өчүрүү боюнча укук ченемдүү аракеттерди жасоонун натыйжасында суунун кирип кетүүсү;
3) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктары:
а) жер титирөө - жер кыртышында же мантиянын үстүңкү бөлүгүндө күтүүсүз жылышуулардын жана жарылуулардын натыйжасында келип чыккан жана ийкемдүү термелүү түрүндө узак аралыкка жетүүчү, 5 жана андан жогору баллдагы жер алдындагы силкинүүлөр жана жер үстүндөгү термелүүлөр;
б) сел - анча чоң эмес тоо дарыяларынын бассейндеринде жана кургак кокту-колоттордо күтүүсүз пайда болгон жана эреже катары, нөшөрлөгөн жаандан же кардын тез эришинен улам келип чыккан, минералдык бөлүкчөлөрдүн, таштардын жана тоо тектеринин сыныктарынын (агымдын көлөмүнүн 50-60 пайызына чейин) абдан чоң аралашмалары менен келген агынды;
в) ташкын - кардын, мөңгүнүн эришинин күчөшүнөн же нөшөрлөгөн жаандан улам келип чыккан, дарыядагы суунун деңгээлинин салыштырмалуу кыска убакытка жана мезгилсиз көтөрүлүшү, дарыянын суу режиминин фазасы;
г) кыртыштын (тоо тектеринин) массалык жылышы - жер массасынын же тоо тектеринин жылышы менен байланышкан жер көчкүлөрдү, таш кулоолорду камтыган геологиялык процесстердин жыйындысы;
д) катуу шамал - гидрометеорология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталган, ылдамдыгы 18 м/сек. жана андан ашык болгон шамал;
е) бурганак - гидрометеорология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталган, 12 сааттын жана андан аз убакыттын ичинде кардын 20 мм же андан көп өлчөмдө катуу жаашы;
ж) мөндүр - жылдын жылуу мезгилинде тыгыз муз бөлүкчөлөрү түрүндө жааган атмосфералык жаан-чачын;
з) чагылган тийүү - чагылгандын турак жайга же болбосо башка буюмдарга түз тийүүсү, анын кесепетинен турак жайдын бузулушу же кыйрашы;
4) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын болушунун натыйжасында турак жайдын бузулуу (кыйроо) коркунучу жарыялангандыгына байланыштуу камсыздандырылган турак жайды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча бузуу жана коопсуз чөлкөмгө көчүрүү.
2. Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруу окуясы деп камсыздандыруу аймагында түздөн-түз болгон окуя таанылат.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) колдонулуп жаткан мезгилде иш жүзүндө болгон жана күтүүсүздөн турак жайдын бузулушунун же кыйрашынын себеби болгон жана тиешелүү компетенттүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын документтеринин негизинде ырасталган окуя камсыздандыруу окуясы деп таанылат.
3. Окуялар төмөнкүлөрдүн натыйжасында болсо, камсыздандыруу окуясы болуп саналбайт:
1) камсыздандырылган турак жай арналышы боюнча пайдаланылбоосунун;
2) согуш аракеттеринин жана алардын натыйжаларынын, террордук актылардын, жарандык толкундоолордун, жапырт тартипсиздиктердин, иш таштоолордун, аскердик, мамлекеттик жана сот органдарынын тескемеси боюнча конфискациялоонун, камак салуунун, жок кылуунун же бузуунун;
3) кандай болбосун түрдөгү ядролук энергиянын таасиринин;
4) турак жайдын же анын бөлүгүнүн урап түшүүсүнүн, эгерде мындай уроо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн окуялардан улам келип чыкпаса;
5) камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун же болбосо алардын жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн атайылап жасаган аракеттеринин;
6) ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып берилгендерден башка себептердин.
Ушул бөлүктө саналып берилген аракеттер, себептер жана окуялар тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын документтеринин негизинде ушундай окуялар деп таанылат.
4. (КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Эгерде төмөндө көрсөтүлүүчү жылчык-тешиктер шамалдын, бороондун, куюндун же аба массаларынын башка кыймылдарынын натыйжасында жаралбаса, камсыздандырылган турак жайга жабылбай калган терезеден, каалгадан же башка жылчык-тешиктерден жаандын, кардын, мөндүрдүн, ылайдын киришинин натыйжасында келип чыккан зыяндардын орду толтурулууга жатпайт.
(КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82, 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген)Правила · 02.02.2016 · № 49
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби…Положение · 13.09.2023 · № 473
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-8" title="8-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>