13-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Камсыздандырылуучу камсыздандыруу суммасынын чектеринде зыяндын ордун пайда табуучуга толтуруп берүү жөнүндө камсыздандыруучуга талап коюуга укуктуу. Камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талапты камтыган камсыздандырылуучунун арызы, ага тиркелген документтер менен бирдикте камсыздандыруучуга камсыздандыруучунун же болбосо камсыздандырылуучунун көрсөтүлгөн талаптарын кароого жана камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууга камсыздандыруучу ыйгарым укук берген анын өкүлүнүн турган жерине жөнөтүлөт.
2. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
1) камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт;
3) компетенттүү мамлекеттик органдардын камсыздандыруу окуясынын болушун ырастаган документтери;
4) камсыздандырылуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн), уюштуруу документтери, каттоо жөнүндө күбөлүк жана өкүлгө берилген ишеним каттын түп нускасы (юридикалык жак үчүн).
3. Камсыздандырылуучудан, жабырлануучудан же болбосо пайда табуучудан кошумча башка документтерди камсыздандыруучунун талап кылышына жол берилбейт.
4. Арыз берүүчүдөн документтердин алынгандыгын камсыздандыруучу ырастоого тийиш.
5. Камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучунун арызын бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде камсыздандыруучу жабырлануучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнү жүргүзүүгө же жүйөлөнгөн баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү.
6. Камсыздандыруучунун күнөөсү боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнүн мөөнөтү өтүп кеткенде, анын ичинде мөөнөттү өткөрүү камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн камсыздандыруучунун негизсиз баш тартуусунан улам болгондо, камсыздандыруучу мөөнөт өткөндөн кийинки ар бир күн үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынын 0,1 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.
7. Камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандыруу суммасынын чектеринде жүргүзүлөт. Камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен методиканын негизинде жүргүзүлөт.
8. Камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө кабардаманы алганда, камсыздандыруучу бул кабардаманы алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде зыянга учураган мүлктү карап чыгууга милдеттүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулууга жаткан зыянга учураган мүлктү карап чыгуу камсыздандыруу окуясынын болушун жана зыяндын өлчөмүн ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербегенде, камсыздандыруучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга укуктуу.
8. Көз каранды эмес экспертизанын (баалоонун) негизинде төлөнүп берилген камсыздандыруу төлөмүнүн наркы милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүгө тийиш болгон чыгымдардын курамына кирет.
9. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы өлчөмү, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн курамына киргизилген көз каранды эмес экспертизаны өткөрүүгө жумшалган чыгымдарды кошуп алганда, милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) колдонулушунун ичинде мурда төлөнүп берилгендерди эсепке алуу менен милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн ашуусу мүмкүн эмес.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2016 · № 49 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-13" title="13-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>