12-берене. Камсыздандыруу суммасынын, камсыздандыруу сый төлөмүнүн жана камсыздандыруу тарифтеринин минималдык өлчөмүн аныктоо
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 2-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен берилген.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июня 2021 года № 82
1. Камсыздандыруу суммасынын минималдык өлчөмдөрү жана камсыздандыруу тарифтери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын актуардык эсептөөлөрдүн базасында белгиленет.
2. Камсыздандыруу суммасынын 10 пайызына чейинки өлчөмдөгү камсыздандыруу франшизасы турак жайлардын классына жана курулуш сапатына жараша милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленет. Камсыздандыруу франшизасын белгилөө үчүн турак жайлардын классын жана курулуш сапатын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине ылайык калктын социалдык аялуу катмарына камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилет.
4. Калктын социалдык аярлуу катмарларынын категорияларына кирген адамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2021-жылдын 30-июнундагы № 82, 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 24 июля 2026 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий")"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июня 2021 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий""Редакцияларды салыштыруу
24.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…актуардык эсептөөлөрдүн базасында белгиленет.
2. Камсыздандыруу алынып салынды: суммасынан кошулду: суммасынын 10 алынып салынды: пайызга кошулду: пайызына чейинки өлчөмдөгү алынып салынды: шартсыз камсыздандыруу франшизасы турак жайлардын классына жана алынып салынды: куруу кошулду: курулуш сапатына жараша милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленет. алынып салынды: Шартсыз камсыздандыруу кошулду: Камсыздандыруу франшизасын белгилөө үчүн турак жайлардын классын жана кошулду: курулуш сапатын алынып салынды: аныктоонун кошулду: аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан … Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2021-жылдын 30-июнундагы № алынып салынды: 82 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 82, 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2016 · № 49 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111253/st-12" title="12-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>