Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-07-13.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 13-июлу № 152 Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 22-статьянын 3-бөлүгүндөгү "административдик камоо колдонулушу мүмкүн эмес" деген сөздөр "администрациялык камоо, коомдук иштер колдонулушу мүмкүн эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 40-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-1-статья. Коомдук иштерге тартуу
1. Коомдук иштерге тартуу укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакытта коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз эмгекти аткарууда турат.
2. Коомдук иштер төрт сааттан кырк саатка чейинки мөөнөткө сот тарабынан дайындалат.
3. Коомдук иштер элүү беш жаштан өткөн курактагы аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга, биринчи жана экинчи топтордогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ушул Кодекстин 22-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга колдонулушу мүмкүн эмес.
4. Коомдук иштерге түнкү мезгилде тартууга тыюу салынат. Укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууда укук бузуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтире турган токсиндүү, радиактивдүү жана башка заттар пайдаланылууга тийиш эмес.".
3. 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 46-2-статья менен толукталсын:
"46-2-статья. Коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жаза-чарасын алмаштыруу Коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен баш тарткан учурда сот жаза чарасынын аталган түрүн ушул Кодексте белгиленген тартипте беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу менен алмаштырат.".
4. 634-1- жана 634-2-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"634-1-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу
1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому - укук бузуучулардын жашаган жери боюнча ички иштер органдарына, ал эми туруктуу жашаган жери жок адамдарга карата укук бузуу жасалган жер боюнча жөнөтүлөт.
2. Коомдук иштердин түрлөрүнүн жана аларды аткаруу объекттеринин тизмеги аймактык ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
3. Укук бузуучулар соттун тиешелүү токтому ички иштер органдарына келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен коомдук иштерге тартылат.
4. Ички иштер органдары укук бузуучуларга коомдук иштерди аткаруу тартибин жана шарттарын, коомдук иштерди аткаруудан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрөт, укук бузуучуларды коомдук иштерди аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктаган объекттерге жөнөтөт, иштеп бүткөн убактысын эсепке алат жана алар объекттердеги коомдук иштерди аткарышын контролдойт.
634-2-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу шарттары
1. Укук бузуучулар коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштерди аткаруу үчүн ички иштер органдарына үч күндүн ичинде келүүгө, коомдук иштер аткарыла турган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ички тартип эрежелерин сактоого, ишке ак ниеттүү мамиле кылууга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрацияларынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, сот белгилеген коомдук иштердин мөөнөтүн иштеп бүтүүгө, жашаган жерин алмаштыргандыгы жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүү.
2. Коомдук иштердин бир суткадагы узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
1) иштебеген укук бузуучулар үчүн - сегиз сааттан;
2) иштеген укук бузуучулар жана окуучулар үчүн - төрт сааттан.
3. Укук бузуучуга негизги иштеген жери боюнча кезектеги эмгектик өргүү берүү коомдук иштерди аткарууну токтотпойт.
4. Жүйөөлүү себептер болгондо, ички иштер органдары укук бузуучуларга бир жуманын ичинде азыраак сандагы сааттарды иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.
5. Укук бузуучу коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып коомдук иштердин мөөнөтүн эки айдан кечиктирбестен иштеп бүтүүгө тийиш.
6. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруучу жер боюнча ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясына укук бузуучулар өздөрүнө аныкталган иштерди аткаргандыгын контролдоо, иштелип бүткөн убакыттын эсебин алуу, иштелип бүткөн сааттардын саны жөнүндө, укук бузуучулар коомдук ишти аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу ички иштер органдарына кабарлоо, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу милдети жүктөлөт.
7. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдары коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун чечимин аткарбагандыгы ушул Кодекстин 422-статьясына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".
5. 44-глава төмөнкүдөй мазмундагы 634-3-статья менен толукталсын:
"634-3-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруудан кыянаттык менен качуу
1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруудан кыянаттык менен качуу деп төмөнкүлөр таанылат:
1) бир жуманын ичинде эки жолудан ашык жүйөлүү себепсиз коомдук иштерге чыкпай коюу;
2) коомдук иштерди аткаруу тартибин жана шарттарын эки жолудан ашык бузуу;
3) коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтомун белгиленген мөөнөттөрдө аткарбоо.
2. Укук бузуучу коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда ички иштер органдары коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жаза чарасын администрациялык камакка алуу түрүндөгү администрациялык жаза чарасына алмаштыруу жөнүндө сотко сунуш киргизет.".
6. VI бөлүмдөгү "коомдук иштер" деген түшүнүктөгү ", анын түрү сот тарабынан аныкталат" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-декабрындагы № 551-б (Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 06.12.2017 · № 551-р