1-берене
Күчүн жоготкон · 13.07.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 22-статьянын 3-бөлүгүндөгү "административдик камоо колдонулушу мүмкүн эмес" деген сөздөр "администрациялык камоо, коомдук иштер колдонулушу мүмкүн эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 40-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40-1-статья. Коомдук иштерге тартуу
1. Коомдук иштерге тартуу укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакытта коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз эмгекти аткарууда турат.
2. Коомдук иштер төрт сааттан кырк саатка чейинки мөөнөткө сот тарабынан дайындалат.
3. Коомдук иштер элүү беш жаштан өткөн курактагы аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга, биринчи жана экинчи топтордогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ушул Кодекстин 22-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга колдонулушу мүмкүн эмес.
4. Коомдук иштерге түнкү мезгилде тартууга тыюу салынат. Укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууда укук бузуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтире турган токсиндүү, радиактивдүү жана башка заттар пайдаланылууга тийиш эмес.".
3. 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 46-2-статья менен толукталсын:
"46-2-статья. Коомдук иштерге тартуу түрүндөгү администрациялык жаза-чарасын алмаштыруу Коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен баш тарткан учурда сот жаза чарасынын аталган түрүн ушул Кодексте белгиленген тартипте беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу менен алмаштырат.".
4. 634-1- жана 634-2-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"634-1-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу
1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому - укук бузуучулардын жашаган жери боюнча ички иштер органдарына, ал эми туруктуу жашаган жери жок адамдарга карата укук бузуу жасалган жер боюнча жөнөтүлөт.
2. Коомдук иштердин түрлөрүнүн жана аларды аткаруу объекттеринин тизмеги аймактык ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
3. Укук бузуучулар соттун тиешелүү токтому ички иштер органдарына келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен коомдук иштерге тартылат.
4. Ички иштер органдары укук бузуучуларга коомдук иштерди аткаруу тартибин жана шарттарын, коомдук иштерди аткаруудан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрөт, укук бузуучуларды коомдук иштерди аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктаган объекттерге жөнөтөт, иштеп бүткөн убактысын эсепке алат жана алар объекттердеги коомдук иштерди аткарышын контролдойт.
Берененин тексти 13.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111195/st-1" title="1-берене - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>