Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-06-26.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 26-июну № 138 Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өткөн жылдардагы карыздарды кыйла толук тындырууга, утурумдук төгүмдөрдү өз убагында төлөөгө алардын кызыкчылыктарына дем берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун дебитордук карыздарын азайтууга багытталган.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздары бар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө 2009-жылдын 1-январынан тартып 2014-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн карыздарга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкциялар жана туумдар төмөнкү көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгарылат:
1) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 100 пайызы;
2) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 80 пайызы;
3) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 60 пайызы;
4) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 40 пайызы;
5) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 20 пайызы;
6) жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермер) чарбалары жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - финансылык санкциялар жана туумдар 100 пайыз көлөмдө эсептен чыгарылат.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына финансылык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурда финансылык санкциялар жана туумдар эсептен чыгарууга жатпайт.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына чыгарылган соттук акты жокко чыгарылган учурда финансылык санкциялар жана туумдар жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо тууралуу соттук аныктама күчүнө кирген учурдан тартып ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө эсептен чыгарууга жатат.
3. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы карызын тындырбастан банкроттук процессинин жол-жобосун аяктаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык санкциялар жана туумдар боюнча өнбөс (өндүрүүгө мүмкүн болбогон) дебитордук карыздары эсептен чыгарылсын
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2016-жылдын 1-майына чейин колдонулат. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-июлунда № 61 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз…Положение · 16.09.2015 · № 645
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-февралындагы № 4822-V "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана…Постановление · 19.02.2015 · № 4822-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 1-апрелинеги № 4927-V "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана…Постановление · 01.04.2015 · № 4927-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5125-V "Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана…Постановление · 21.05.2015 · № 5125-V
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 645 "Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды…Постановление · 16.09.2015 · № 645
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2027-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу…Постановление · 30.11.2017 · № 2027-VI
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 736 "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды…Постановление · 26.12.2014 · № 736 · Күчүн жоготкон