Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2014-жылдын 26-декабры № 736 “Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес
төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана
туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө
1-берене Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого, аларды камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча өткөн жылдардагы карыздарын болушунча толук жоюуга, утурумдук төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө кызыктар кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун дебитордук карыздарын азайтууга багытталган.
2-берене
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздары бар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө 2009-жылдын 1-январынан тартып 2014-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн карыздарга камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкциялар жана туумдар төмөндөгү көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгарылат:
1) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук төлөгөндө - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 100 пайызы;
2) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук төлөгөндө - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 80 пайызы;
3) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук төлөгөндө - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 60 пайызы;
4) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук төлөгөндө - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 40 пайызы;
5) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук төлөгөндө - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 20 пайызы;
6) жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермер) чарбалары жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук төлөгөндө - финансылык санкциялар жана туумдар 100 пайыз көлөмдө эсептен чыгарылат.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына финансылык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук акты күчүнө кирген учурда финансылык санкциялар жана туумдар эсептен чыгарылууга жатпайт.
3. Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-берене Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон карызын жойбостон банкроттук процессинин жол-жобосун аяктаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык санкциялар жана туумдар боюнча өнбөс (өндүрүүгө мүмкүн болбогон) дебитордук карыздары эсептен чыгарылсын.
4-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2016-жылдын 1-майына чейин күчүндө болот.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-февралындагы № 4822-V "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана…Постановление · 19.02.2015 · № 4822-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 1-апрелинеги № 4927-V "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана…Постановление · 01.04.2015 · № 4927-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-майындагы № 5125-V "Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана…Постановление · 21.05.2015 · № 5125-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндөЗакон · 26.06.2015 · № 138 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон