2-берене
Күчүн жоготкон · 26.06.2015 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздары бар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө 2009-жылдын 1-январынан тартып 2014-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн карыздарга камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкциялар жана туумдар төмөнкү көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгарылат:
1) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 100 пайызы;
2) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 80 пайызы;
3) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 60 пайызы;
4) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 40 пайызы;
5) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2016-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - эсептелген финансылык санкциялардын жана туумдардын 20 пайызы;
6) жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермер) чарбалары жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздарын 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө акчалай түрдө гана толук тындырганда - финансылык санкциялар жана туумдар 100 пайыз көлөмдө эсептен чыгарылат.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына финансылык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурда финансылык санкциялар жана туумдар эсептен чыгарууга жатпайт.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына чыгарылган соттук акты жокко чыгарылган учурда финансылык санкциялар жана туумдар жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо тууралуу соттук аныктама күчүнө кирген учурдан тартып ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө эсептен чыгарууга жатат.
3. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 26.06.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111181/st-2" title="2-берене - Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>