2-берене
Күчүндө · 28.02.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 97-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 98-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө, анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Мында бул мөөнөт жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес. Жоюу комиссиясынан (жоюучудан) алынган маалымат беш жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредиторлорду аныктоого жана дебитордук карыздарды алууга бардык аракеттерди жасайт, ошондой эле юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө кредиторлорго жазуу жүзүндө кабарлайт.".
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111158/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө) (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>