10-берене. Мамлекеттик чек араны кесип өтүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108
1. Адамдардын жана унаа каражаттарынын мамлекеттик чек араны кургак жерде кесип өтүүсү эл аралык темир жол, унаа жана аба катнаштарындагы жолдордо мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган башка жерлерде жүзөгө ашырылат.
2. Аба кемелери Мамлекеттик чек араны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын бөлүнгөн учуп өтүүчү аба коридорлорунда кесип өтөт. Аба коридорлорунан тышкары Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин кайтаруу үчүн жоопкерчиликтүү органдардын уруксаты боюнча гана жол берилет.
Аба кемелерине мамлекеттик чек арадан тартып Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пункттарга чейин жана кайра артка кайтууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги аркылуу транзиттик учуп өтүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан эл аралык катнаштар үчүн ачылбаган Кыргыз Республикасынын аэропортторуна (аэродромдоруна) конууга (учуп чыгууга), адамдарды кабыл алууга (чыгарууга), жол жүктү, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды жүктөөгө (түшүрүүгө) тыюу салынат. Табигый кырсыктарда, кырсыктарда жана аба кемесиндеги адамдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүдө аргасыз конгон учурлар адаттан тышкары болуп саналат.
3. Мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарынан тышкары жерлерден кесип өтүү ошондой эле чектеш мамлекеттердин Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен алдын ала макулдашуу боюнча унаа, өндүрүштүк жана айыл чарба багытындагы трансчегаралык объекттерди, электр байланыш тарамдарынын жана электр өткөргүч чубалгыларынын коммуникацияларын тейлөөдө, оңдоодо жана пайдаланууда, мал айдап өтүүдө жана биргелешип чарба жүргүзүүнүн башка учурлары жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарында, ошондой эле чектеш мамлекеттердин кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Мамлекеттик чек аранын айрым участкаларында кесип өтүү кызыкдар мамлекеттердин бийликтерине кабарлоо менен убактылуу чектелиши же токтотулушу мүмкүн.
5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттенмелерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чектеш мамлекеттин чек ара органы менен макулдашылган башка тартипте Мамлекеттик чек араны кесип өтүү укугу берилет.
6. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал келип чыкканда кырсыктан куткаруучу жана кырсыкты калыбына келтирүүчү түзүлүштөр (күчтөр) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин чектөө жана жоюу үчүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик чек араны кесип өтүшөт.
7. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын айрым жерлерине согуштук же өзгөчө абал киргизилгенде чектеш мамлекеттердин жеке жактары тарабынан Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аба мейкиндиги аркылуу транзиттик учуп өтүүдө Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан эл аралык катнаштар үчүн ачылбаган Кыргыз Республикасынын … эле чектеш мамлекеттердин кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечими менен Мамлекеттик чек аранын айрым участкаларында кесип өтүү … Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 алынып салынды: (2) Мыйзамынын кошулду: (2), 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 61-б (Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (2019-nCoV) киришин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө)…Распоряжение · 28.02.2020 · № 61-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы №88-б "Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу…Распоряжение · 19.03.2020 · № 88-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 627 "Маймак" темир жол станциясы жайгашкан участокто контролдоону ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2019 · № 627
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 182-б (Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) киришин жана андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам…Распоряжение · 20.05.2020 · № 182-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 88-б буйругуРаспоряжение · 19.03.2020 · № 88
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>