Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Маймак» темир жол станциясы жайгашкан участокто контролдоону ишке ашыруу чаралары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-ноябры № 627 "Маймак" темир жол станциясы жайгашкан участокто контролдоону ишке ашыруу чаралары жөнүндө Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана Казакстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү өткөрмө пункттар жөнүндө макулдашуунун 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы темир жол транспорту менен "Маймак" станциясына баруучу адамдарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү үчүн күнү-түнү туруктуу режимде иштей турган чек ара контролун уюштурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы белгиленген тартипте "Маймак" темир жол станциясында жайгашкан участокто жүктөрдү жана товарларды эсепке алуу жана контролдоо максатында өз ара биргелешип иштөөнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен биргеликте мыйзамда белгиленген тартипте соода-логистикалык борборду уюштуруу үчүн инвестиция тартсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте (макулдашуу боюнча) "Маймак" темир жол станциясында чек ара контролун уюштурууга көмөк көрсөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон