Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163
1. Адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген жана ачык өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт.
2. Өткөрүү пункттарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет,
3. Адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же алардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна жарактуу документтеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата документтеринин бар болушу саналат.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салуу (чектөө) жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө жатпайт.
5. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби белгилениши мүмкүн,
Мамлекеттик чек ара аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өткөрүүнү жүзөгө ашырууда унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды коммерциялык максатта өткөрүүгө тыюу салынат. Жөнөкөйлөтүлгөн тартиптеги өткөрүү пункттарында өткөрүүгө уруксат берилген товарларды алып келүүнүн, ошондой эле алып кетүүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
6. Чек ара контролунун жол-жоболору бүткөндөн кийин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунун чегинен адам, унаа каражаты чыкканда же жүктөр, товарлар жана жаныбарлар алынып чыкканда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү аяктады деп эсептелет.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
04.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет,
3. кошулду: Адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү үчүн негиз болуп адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же кошулду: алардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна жарактуу алынып салынды: документтердин, кошулду: документтеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, алынып салынды: мыйзамда кошулду: мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган алынып салынды: унаа кошулду: транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга алынып салынды: документтердин болуусу адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө негиз болуп кошулду: карата документтеринин бар болушу саналат.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз … өткөрүү аяктады деп эсептелет.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № алынып салынды: 108 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 108, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584 "Айрым өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2017 · № 584
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 219 "«Баткен» аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2014 · № 219
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык…Постановление · 08.06.2017 · № 347
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралы № 74 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын иштөө маселелери боюнча…Постановление · 15.02.2023 · № 74
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>