Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) киришин жана андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-майы № 182-б Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) киришин жана андан ары жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-жылдын 20-майынан тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунун "Кулунду-автожол" жана "Кайрагач-автожол" өткөрүү пункттарында өзгөчө буйрукка чейин адамдарды, товарларды, транспорт каражаттарын, жаныбарларды жана башка буюмдарды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасына, ошондой эле ушул буйрукту ишке ашырууга байланыштуу кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон башка мамлекеттерге форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыгуучу жана убактылуу мүнөзгө ээ болгон, алдын ала караштырылган чаралар жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына ушул буйрукту аткаруу менен байланышкан иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн;
- калктын арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 19.03.1999 · № 27 · Күчүн жоготкон