30-статья. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды бөлүү
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Шектүүлөр жана айыпталуучулар ушул Мыйзамдын 28, 29 жана 31-статьяларынын талаптарына ылайык жалпы же жалгыздардын камераларында өз-өзүнчө кармалат. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды бир күндөн ашык мөөнөткө жеке камераларда кармоо прокурордун санкциясы менен камакта кармоо жайынын башчысынын же анын орун басарынын далилдүү токтомунун негизинде жасалат. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды жеке камераларда кармоо төмөнкү учурларда прокурордун санкциясын талап кылбайт:
- шектүүнүн же айыпталуучунун жеке камакта болуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы болгондо;
- шектүүнүн же айыпталуучунун, болбосо шектүү же айыпталуучунун өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу кызыкчылыгында;
- ушул Мыйзамдын 31-статьясында каралган өз-өзүнчө жайгаштыруунун талаптарын сактоонун башка мүмкүнчүлүктөрү болбой калганда.
Башка камераларда, камакта кармоочу башка жайларда жаткан шектүүлөр менен айыпталуучуларга кандайдыр бир буюмдарды, кат алышууларды берүүгө жана ошондой эле сүйлөшүүлөргө, анын ичинде дубалды каккылоого, кыйкырууга жол берилбейт. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга камакта кармоочу адамдары менен (медкызматкерлеринен башка) имараттын коридорлорунда же камакта кармоочу жайдын короосунда турушкан ар кандай адамдар менен сүйлөшүүгө жол берилбейт. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын эркиндикте жүргөн адамдар менен сүйлөшүүлөрү, кандайдыр бир буюмдарды кийирүүсү жана кат алышуусу ушул мыйзамдын 17, 19, 24-статьяларынын талаптарына ылайык иш жүзүнө ашырылат. Ушул статьяда айтылган талаптарды камсыз кылуу камакта кармоочу жайдан тышкары шектүүлөр менен айыпталуучуларды бир жерден экинчи жерге камакка которгон учурда да сакталууга тийиш.
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-30" title="30-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>