28-статья. Аялдарды камакта кармоонун өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
Шектүү жана айыпкер аялдар камакта кармоо жайларында шектүү жана айыпкер эркектерден бөлөк кармалат. Шектүү жана айыпкер аялдар үч жашка чейинки балдары менен бирге болууга укуктуу. Боюнда бар аялдар жана балдары менен болгон аялдар үчүн жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттары түзүлөт, адистештирилген медициналык тейлөө уюштурулат жана тамак-аш жана буюмдар менен камсыз кылуунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган жогорулатылган ченемдери белгиленет. Боюнда бар аялдардын жана жанында баласы бар аялдардын күн сайын сейилдешинин узактыгын чектөөгө жол берилбейт. Боюнда бар жана жанында баласы бар аялдарга жазык жазасын колдонуу иретинде изоляторго камаганга жол берилбейт. Эгерде аял камакта кармоо жерлеринде белгиленген тартипти үч жолудан көп бузса же бала жөнүндө дайыма камкордук көрбөсө, камакта кармоо жайынын администрациясы баланы туугандарына же башка адамдарга же болбосо балдар мекемелерине убактылуу берүү жөнүндө өтүнүч козгойт. Эгерде аялдын катышуусу менен ар кайсы шаарларда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте башка мамлекеттердин аймагында жылдын суук мезгилдеринде тергөө иштерин жүргүзүүгө туура келсе, тергөө органдарынын демилгеси боюнча да мындай өтүнүч айтылышы ыктымал. (КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тамак-аш жана буюмдар менен камсыз кылуунун Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган жогорулатылган ченемдери белгиленет.
Боюнда бар аялдардын … да мындай өтүнүч айтылышы ыктымал.
(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № алынып салынды: 51 кошулду: 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 419 токтому менен бекитилген"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин ЭРЕЖЕЛЕРИ"Правила · 07.09.2018 · № 419
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги…Постановление · 18.10.2024 · № 636
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик…Постановление · 22.12.2015 · № 864 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 864 токтомуПостановление · 22.12.2015 · № 864
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-28" title="28-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>