Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-статья. Жөнөтмөлөрдү, кийирүүлөрдү жана акчалай которууларды алуу. Акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
Шектүүлөргө жана айыпкерлерге салмактары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген почта эрежелеринде каралган ченемдерге ылайык келүүгө тийиш болгон, чектелбеген сандагы жөнөтмөлөрдү, ошондой эле айына жалпы салмагы 100 килограммга чейинки кийирүүлөрдү алууга уруксат берилет. Жашы жетпегендер, оорулуулар, боюнда бар аялдар үчүн, ошондой эле балдары өзү менен бирге жүргөн аялдар үчүн кийирүүлөрдүн салмагына чек коюуга жол берилбейт. Шектүүлөргө жана айыпкерлерге камакта кармоо жайларына келип түшкөн акчалай которуулар алардын өздүк эсебине чегерилет. Камакта кармоо жайларынын администрациясынын уруксаты менен шектүүлөр жана айыпкерлер өздөрүнүн каражаттарынан туугандарына жана башка адамдарга акча которуп жөнөтүүгө укуктуу. Шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу же кылмыш куралы катары, болбосо камакта кармоонун максаттарына тоскоолдук келтирүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон нерселердин, заттардын тизмеси Ички тартип эрежелеринде аныкталат. Сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган нерселерди, заттарды кароодон жашырып калуу же шектүүлөргө жана айыпкерлерге берүү, ага тете болгон белгиленген эрежелерге каршы ар кандай нерселерди берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат. Жеп-ичкенге жараксыз болуп калган, же шектүүлөр менен айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган тамак-аш азыктары камакта кармоочу жайдын медициналык кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү корутундусу боюнча алынып коюлат жана кийирүүлөрдү жеткирген адамдардын көз алдында жок кылынат, бул жөнүндө акты түзүлөт. Тийиштүү шарттар болгондо камакта кармоо жайынын администрациясы шектүүлөрдү жана айыпкерлерди акы төлөнүүчү кошумча тиричилик жана медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде дары-дармектерди сатып алууну камсыз кылат, алардын тизмеси Ички тартип эрежелеринде белгиленет. (КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 марта 2014 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений"Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана айыпкерлерге салмактары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген почта эрежелеринде каралган ченемдерге ылайык … Ички тартип эрежелеринде белгиленет.
(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № алынып салынды: 51 кошулду: 51, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Правила внутреннего распорядка следственных изоляторов уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской республики (Утверждены постановлением Правительства КР от…Правила · 30.08.2006 · № 631
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартип ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 682…Правила · 09.10.2012 · № 682
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-24" title="24-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>