Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Жактоочу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Биринчи сурактан тартып же иш жүзүндө кармалгандан кийин кылмыштар жасоо жагынан шектүүлөргө жана айыпталгандарга жактоочу менен жекеме-жеке жолугушуулар берилет, алардын санына жана узактыгына чек коюлбайт. Камакта кармоо жайларынын кызматчылары жазык ишинде шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун тарабында адвокаттын катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын инсандыгын ырастаган документтин негизинде шектүүлөргө, айыпкерлерге, соттолуучуларга жактоочулары менен жекеме-жеке, алардын саны, убакыттын узактыгы чектелбеген, кызматчы аларды көрө алган, бирок уга албаган шартта жолугушууларга уруксат беришет. Жазык ишин жүргүзгөн адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде шектүүлөргө жана айыпталгандарга туугандары жана башка адамдар менен айына ар биринин узактыгы үч саатка чейин созулган экиден ашпаган жолугушуу берилет. Туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу камакта кармоо жайынын кызматчыларынын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт жана айыпталгандарга тыюу салынган нерселерин, болбосо жазык иш боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды берүүгө аракет жасаган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Эскертүү: (биринчи абзац КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (экинчи абзацы КР 2012-жылдын 6-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды) Кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын алардын жактоочулары менен алар камакта кармалган жайлардагы жолугушуулары дем алыш күндөрү да берилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 19 октябрындагы № 180, 2012-жылдын 6-августундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 419 токтому менен бекитилген"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин ЭРЕЖЕЛЕРИ"Правила · 07.09.2018 · № 419
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартип ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 682…Правила · 09.10.2012 · № 682
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин " ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57…Правила · 02.02.2006 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-17" title="17-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>