16-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктары
Күчүн жоготкон · 28.04.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 апреля 2025 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2024 года № 160
Шектүүлөр жана айыпталгандар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- ички тартип эрежелеринин тексти менен таанышууга, анын ичинде өзүнүн укуктары жана милдеттери, камакта кармоонун тартиби, тартиптик талаптар, сунуштарды, арыздарды, даттанууларды берүү тартиби жана башкалар жөнүндө таанышууга;
- камакта кармоочу жерлерде жекече коопсуздукка;
- камакта кармоочу жайдын башчысынын, анын орун басарынын же алар ыйгарым укук берген адамдардын жекече кабыл алуусуна;
- актоочу, туугандары жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболоруна ылайык ушул мыйзамдын 17-статьясында саналып өткөн башка адамдар менен жолугушууга;
- укукка жат максаттарда колдонулушу мүмкүн болгон же мамлекеттик, кызматтык же мыйзам тарабынан корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды камтыган документтер менен кат-кабарларды кошпогондо, жазык ишине таандык, болбосо өзүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу маселелерине тийиштүү документтерди жана кат-кабарларды өзүндө сактоого;
- өздөрүн камакта кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жана өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын бузуу маселелери боюнча сунуштар, арыздар жана даттануулар менен инстанцияларга, анын ичинде сотко кайрылууга;
- кат алышууга жана жазганга керектелчү буюмдардан пайдаланууга;
- акысыз тамактанууга, материалдык-тиричилик жана медициналык-санитардык жактан камсыз болууга, анын ичинде өздөрү тергөө аракеттерине жана сот заседаниелерине катышкан мезгилде да;
- түнкүсүн сегиз саат уктоого укуктуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган учурларды кошпогондо, аларды бул убакта процесстик жана башка аракеттерге тартууга тыюу салынат;
- күн сайын узактыгы бир сааттан кем болбогон сейилдөөдөн пайдаланууга;
- жеке өзүнө таандык болгон буюмдарды жана заттарды пайдаланууга, алардын тизмеси жана саны Ички тартип эрежелеринде аныкталат;
- камакта кармоо жайынын китепканасынын адабияттарынан жана мезгилдүү басма сөз басылмаларынан, болбосо камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу соода тармагынан сатып алынгандардан, ошондой эле столдун үстүндө ойнолуучу оюндардан пайдаланууга;
- шектүүлөр жана айыпталгандар камакта кармалчу жайларда диний ырым-жырымдарды жасоого, классикалык диний адабияттарды, диний сыйынуу нерселерин алып жүрүүгө укуктуу. Жогоруда аталган аракеттер бөлөк шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын укуктарын бузбоого тийиш.
Эскертүү: классикалык диний адабият катары улуттук, расалык же диний араздашууну туудурбаган диний адабияттар түшүнүлөт.
- шектүүлөрдү жана айыпталгандарды камакта кармоочу жердин администрациясы аркылуу куран окутуп, чокунууга дин кызматкерлерин чакыртууга;
- өз алдынча билим алууга жана ал үчүн атайын адабиятты, анын ичинде өзүнө таандык болгондорун пайдаланууга;
- жөнөтмөлөрдү, берилген кийирүүлөрдү алууга;
- дене тарбиялык машыгууга (дене тарбиялык гимнастика, спорт оюндары, атлеттик гимнастика ж.б.у.с);
- камакта кармоо жайынын кызматкерлеринин алар менен сылык-сыпаа мамиле жасоосуна;
- жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышууга.
Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган жана тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө кармалган айыпталгандар төмөндөгүлөргө (кошумча) да укуктуу болушат:
- газета-журналдарга жазылууга жана аларды алууга;
- акча которууларды жөнөтүүгө жана алууга;
- тергөө изоляторлорунун (түрмөнүн) дүкөнүнөн (киоскасынан), болбосо камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу соода тармагынан тамак-аш азыктарын жана эң зарыл буюмдарды сатып алууга;
- эгерде ушул Мыйзамга карама-каршы келбесе, никелешүүгө жана никесин бузууга, башка үй-бүлөлүк-укуктук мамилелерге катышууга.
Көрүү мүмкүнчүлүгү боюнча майыптыгы бар шектүүлөр жана айыпталуучулар ассистент тарабынан даярдалган Брайл шрифтинде же чоңойтулган шрифтте терилген адабияттарды, аудио китептерди, кылмыш иши боюнча материалдарды, ошондой эле аудио китептерди жана материалдарды угуу жана жаздыруу үчүн түзүлүштөрдү алууга жана пайдаланууга укуктуу. (КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…никесин бузууга, башка үй-бүлөлүк-укуктук мамилелерге катышууга. кошулду: Көрүү мүмкүнчүлүгү боюнча майыптыгы бар шектүүлөр жана айыпталуучулар ассистент тарабынан даярдалган Брайл шрифтинде же чоңойтулган шрифтте терилген адабияттарды, аудио китептерди, кылмыш иши боюнча материалдарды, ошондой эле аудио китептерди жана материалдарды угуу жана жаздыруу үчүн түзүлүштөрдү алууга жана пайдаланууга укуктуу. (КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1107/st-16" title="16-статья - Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>