74-статья. Соттолгондордун материалдык жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндигинен ажыратылган адамдар жазасын өтөө мезгилинде мамлекетке келтирген материалдык зыяны үчүн:
1) эмгектик милдеттерин аткарууда эмгек жөнүндө мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө;
2) башка аракеттери менен жарандык мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө материалдык жоопкерчилик тартат.
(2) Соттолгондор ошондой эле түзөтүү мекемесине келтирилген зыяндын ордун жана соттолгондун качышына бөгөт коюута, өзүнүн денесине атайылап зыян келтирген соттолгонду дарылоого байланыштуу кошумча чыгымдардын ордун да толтурууга тийиш. (3) Соттолгондор тарабынан келтирилген материалдык зыян түзөтүү мекемесинин зардалынын токтому боюнча өндүрүлөт. (4) Түзөтүү мекемесинин зардалынын токтомуна соттолгон жогору турган зардалга даттанууга укуктуу. Даттанууну берүү материалдык зыянды өндүрүп алуу жөнүндө токтомдун аткарылышын токтото турбайт. (5) Ага негиздер болгондо жогору турган зардал материалдык зыянды өндүрүп алуу жөнүндө токтомду жокко чыгарышы жана кошумча текшерүүнү дайындашы, өндүрүлүп алууга тийиш болгон суммалардын өлчөмүн өзгөртүшү, болбосо негизсиз катары материалдык зыянды өндүрүп алуу жөнүндө токтомду жокко чыгарышы мүмкүн. Жогору турган зардалдын чечими акыркы болуп саналат. (6) Келтирилген материалдык зыян үчүн туура эмес кармалган суммалар анын өздүк эсебине которуу менен соттолгонго кайтарылып берилүүгө тийиш.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-74" title="74-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>