Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
76-статья. Соттолгондордун эмгегинин шарттары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Соттолгондордун жумуш убактысынын узактыгы, эмгекти коргоонун, техникалык коопсуздуктун жана өндүрүштүк санитариянын эрежелери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет. Жумуштун (кезметтин) башталган жана бүткөн убактысы соттолгондор иштеген ишкананын администрациясы менен макулдашуу боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан белгиленүүчү кезметчиликтин графиктери менен аныкталат. (2) Тарбия абактарынан башкаларда, соттолгондор тарабынан аткарылган жумуштардын мүнөзүн эске алуу менен жумуш мезгилинин суммаланган эсебин жүргүзүүгө жол берилет. Эсептик мезгилдеги жумуш мезгилинин орточо узактыгы мыйзамда белгиленген күндөлүк жумуштун узактыгынан ашпоого тийиш. (3) Соттолгондорду акы төлөнүүчү эмгекке тартуунун убактысы ал үчүн мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча мүчөлүк акылар төлөнгөн шартга пенсия дайындоо үчүн алардын камсыздандыруу стажына эсептелет. Иштелген убакыттын эсебин алуу жазаны аткаруучу мекеменин администрациясына жүктөлөт жана календарлык жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Соттолгон убакыттын тиешелүү мезгилинде белгиленген тиешелүү тапшырмаларды аткаруудан такай качканда, түзөтүү мекемесинин администрациясынын чечими боюнча ушул убакыт анын жаллы эмгек стажынан чыгарылат. Түзөтүү мекемесинин администрациясынын чечими соттолгон тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-76" title="76-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>