157-статья. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашыруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 марта 2013 года № 43
(1) Жазык-аткаруу инспекциялары сыноо мөөнөтүнүн ичинде жазаны шарттуу колдонбоо менен соттолгондорду жеке эсепке алууну жүзөгө ашырат, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен соттолгондор тарабынан коомдук тартиптин сакталышын жана аларга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын контролдойт. Соттолгон каттоого туруу үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жазык-аткаруу инспекциясына келүүгө милдеттүү. Соттолгонду каттоого коюуда жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жүрүм-турум эрежелери жана милдеттери белгиленет. (2) Соттолгон адамга кошумча жаза катары белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу дайындалганда жазык-аткаруу инспекциясы ушул Кодекстин 34-39-статьяларында каралган иш-чараларды толук көлөмдө жүзөгө ашырат. (3) Соттолгон адам чыныгы аскер кызматына чакырылган учурда аскер комиссариатына өкүмдүн көчүрмөсү, ал эми зарыл болгон учурларда соттолгондун кызмат өтөгөн жериндеги жүрүш-турушуна контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган башка документтер да жөнөтүлөт. Аскердик бөлүктүн командачылыгы аталган адамдын эсепке алынышы жөнүндө, ал эми кызмат өтөө аяктагандан кийин анын кеткендиги жөнүндө он күндүк мөөнөттө жазык-аткаруу инспекциясына билдирүүгө милдеттүү. (4) Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондор өзүнүн жүрүш-турушу жөнүндө жазык-аткаруу инспекциялары алдында отчет берүүгө, сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууга, чакыруу боюнча инспекцияга келүүгө милдеттүү. Инспекцияга жүйөлүү себептерсиз келбей койгондо соттолгон адам күч менен алынып келиниши мүмкүн. (5) Соттолгон адам контролдуктан качкан учурда жазык-аткаруу инспекциясы анын турган жерин жана качуунун себептерин аныктоо боюнча алгачкы иш-чараларды көрөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
157-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-157" title="157-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>