Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
37-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун мөөнөттөрүн эсептөө
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Эгерде бул учурда кошумча жазанын мөөнөтү кийинкиге калтырылбаса, негизги жаза катарында же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага карата кошумча катарында дайындалган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны, ошондой эле жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондо жазаны аткаруунун мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет. Жазаны аткаруунун мөөнөтүнө соттолгон өзүнө тыюу салынган кызматтарды ээлеген же болбосо ал үчүн тыюу салынган иштин түрлөрүн жүргүзгөн мезгилдин ичиндеги убакыт кошуп эсептелбейт. (2) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза эркиндигинен ажыратууга же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого кошумча жаза катарында дайындалганда ал жазанын мөөнөтү тиешелүү түрдө соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларынан же дисциплинардык аскер бөлүгүнөн бошотулган учурдан тартып эсептелет. (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндөгү өкүмдүн талаптары соттолгон эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазасын өтөп жаткан мезгилге да жайылтылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза эркиндигинен алынып салынды: ажыратууга, камакка алууга кошулду: ажыратууга же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого кошумча жаза катарында дайындалганда ал жазанын мөөнөтү тиешелүү түрдө соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу алынып салынды: жайларынан, камактан кошулду: жайларынан же дисциплинардык аскер бөлүгүнөн бошотулган учурдан тартып … укугунан ажыратуу жөнүндөгү өкүмдүн талаптары соттолгон эркиндигинен алынып салынды: ажыратуу, камакка алуу кошулду: ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазасын өтөп жаткан мезгилге да жайылтылат.
кошулду: (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-37" title="37-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>