34-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Негизги жаза катарында дайындалган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү, ошондой эле негизги жазаларга кошумча жазапул, коомдук жумуштар, үч эсе айып түрүндөгү ошондой эле жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондо жазаны аткаруу соттолгон жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат. (2) Эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү негизги жазага кошумча катары белгиленген белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу негизги жазаны аткаруучу мекеме же орган тарабынан, ал эми негизги жазаны өтөп бүткөндөн кийин - соттолгон жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат. (3) Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгондордун эсебин алат; соттолгондор тарабынан соттун өкүмүндө каралган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүүгө тыюу салуунун сакталышына контролдук кылат; соттолгон иштеп жаткан жердеги уюмдун администрациясынын өкүмдүн көрсөтмөлөрүн аткарышын, ошондой эле соттолгонго тыюу салынган иштин тиешелүү түрүн иштөөгө, уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укугу бар органдардын өкүмдүн көрсөтмөлөрүн аткарылышын текшерет, тарбиялоо ишин жүргүзүүнү уюштурат. (4) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү кошумча жазага соттолгон адам негизги жазасын өтөп жаткан мекеменин администрациясы соттолгонду ага тыюу салынган жумуштарды аткарууга тарта албайт. (5) Соттолгон адам аскердик кызматка же альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматка чакырылганда же өткөндө жазык-аткаруу инспекциясы аскер комиссариатына же ал кызмат өтөгөн жерге аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсүн жиберет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…колдонбоого соттолгондо жазаны аткаруу соттолгон жашаган жердеги алынып салынды: жазык - аткаруу кошулду: жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(2) алынып салынды: Камакка алуу, эркиндигинен кошулду: Эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү негизги … жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(3) алынып салынды: Жазык - аткаруу кошулду: Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгондордун эсебин алат; соттолгондор тарабынан … же ал кызмат өтөгөн жерге аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсүн жиберет.
кошулду: (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-34" title="34-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>