Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
159-статья. Жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондордун
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
жоопкерчилиги
(1) Соттолгон адам сот тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан качканда, болбосо ал үчүн администрациялык жаза-чарасы берилген коомдук тартипти бузганда, жазык-аткаруу инспекциясы жазаны шарттуу түрдө колдонбоону бузуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ага жазуу жүзүндө эскертет. (2) Соттолгон адамдар ушул Кодекстин 157-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаганда, ошондой эле соттолгонго кандайдыр бир милдеттерди жүктөөнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө башка жагдайлар болгондо, жазык-аткаруу инспекциясынын зардалы бул тууралу токтом чыгара алат. Соттолгон адам ага кандайдыр бир милдеттердин жүктөлүшүнө макул болбогондо, ал токтомго карата баш ийүү тартибинде, болбосо сотко даттанууга укуктуу. (3) Жетиштүү негиздер болгондо сотко сыноо мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш жөнөтүлөт. (4) Соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди такай аткарбаганда, ошондой эле соттолгон адам жашырынган учурда, сотко жазаны шарттуу түрдө колдонбоону жокко чыгаруу жөнүндө сунуш жөнөтүлөт. (5) Соттолгонго тыюу салынган аракеттерди жасоо же ага жүктөлгөн аракеттерди жыл ичинде экиден көп жолу аткарбоо, болбосо милдеттерди узак убакыт аткарбоо (отуз кундөн ашык аткарбоо) милдеттерди такай аткарбоо деп эсептелет. (6) Отуз күндөн ашык мезгилдин ичинде турган жери белгилүү болбогон соттолгон адам контролдон жашырынган катары таанылат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
тиркеме
Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпай турган мүлктүн тизмеси
Соттолгон жана анын багуусунда болгон адамдар үчүн зарыл, ага жеке менчик укугунда таандык болгон же анын жалпы менчиктеги үлүшү болуп эсептелген, кылмыш жасоо жолу менен алынбаган төмөндөгү мүлктүн түрлөрү жана нерселер конфискацияланууга жатпайт:
1. Эгерде соттолгон адам жана анын үй-бүлөсү ал жерде туруктуу жашаса, анын турак-жайы, квартирасы же анын айрым бөлүктөрү.
2. Конфискацияланууга жатпай турган үй жана чарбалык курулуштары жайгашкан жер участоктору, ошондой эле жеке көмөкчү чарбаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон жер участоктору.
3. Негизги иши айыл чарбасы болуп эсептелген адамдардын чарбалык курулуштары жана анын үй-бүлөсүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон сандагы малы, ошондой эле мал үчүн тоют.
4. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кезектеги себүү үчүн зарыл болгон үрөн.
5. Үй оокаттары:
а) керектөөдөгү кийим-кечек, бут кийим, ич кийим, жууркан - төшөк, ашкана жана чыгдан буюмдары. Аң терилүү жана башка баалуу кийимдер, ашкана сервиздери, баалуу металлдардан жасалган, ошондой эле көркөмдүк жагынан баалуу нерселер конфискацияланылышы мүмкүн;
б) соттолгон адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн өтө керектүү болгон эмерек;
в) балдарга таандык болгон бардык нерселер.
6. Эгерде айыл чарбасы соттолгон адамдын негизги иши болсо, соттолгон адам жана анын үй-бүлөсү үчүн жаңы түшүмгө чейин зарыл болгон сандагы тамак-аш азыктары, ал эми калган учурларда тамак-аш азыктары жана мамлекет тарабынан белгиленген өлчөмдөгү жалпы суммадагы акча.
7. Тамак-аш даярдоо жана үй-бүлөнүн турак-жайын жылытуу үчүн арналган отун.
8. Соттолгон адам соттун өкүмү менен иштин тиешелүү түрүн жасоо укугунан ажыратылгандан же шаймандар ал тарабынан кылмыш жасоо үчүн пайдаланылгандан башка учурларда, соттолгон адамдын кесиптик ишин улантуу үчүн зарыл болгон шаймандар (анын ичинде окуу куралдары жана китептер).
9. Майыптардын түшүп жүрүүсү үчүн арналган атайын транспорт каражаттары.
10. Соттолгон адам сыйланган эл аралык,- мамлекеттик жана башка байгелер.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-159" title="159-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>