30-статья. Лицензияны токтото туруу жана кайтарып алуу
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
1. Улуттук банк микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото туруу же чектөө жөнүндө же мыйзамдарда аныкталган шарттарды сактоо менен төмөндөгүдөй учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, эгерде:
1) ушул Мыйзамды, ушул Мыйзамга ылайык иштелип чыккан Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын жана ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берилсе;
2) микрофинансы компаниясы Улуттук банктын сунуштамаларын, эскертүүлөрүн, нускамаларын же дагы бөлөк санкцияларын аткарбаса;
3) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык жана башка ченемдерин бузган учурда;
4) микрофинансы компаниясынын төлөө кудурети кооптонууну туудурганда же төлөө кудуретсиздигине дуушар болгондо;
5) берилүүгө тийиш болгон маалыматтар Улуттук банкка берилбей калса же так эмес, толук эмес маалыматтар берилген болсо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген башка учурларда.
2. Микрофинансы компаниясынын белгилүү бир операцияларын токтото туруу же чектөө, лицензияны токтото туруу же кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимде, бул чечимдин кабыл алынышына себеп болгон белгилүү фактыларга түшүндүрмөлөр камтылууга тийиш. Операцияларды токтото туруу же чектөө же лицензияны токтото туруу учурунда төмөндөгү чараларды камтууга тийиш, бирок булар менен гана чектелип калбаш керек:
1) микрофинансы компаниясына же анын Кыргыз Республикасында жайгашкан ар кандай туунду компанияларына дивиденддерди төлөөсүнө чек коюуну;
2) микрофинансы компаниясынын өсүп-өнүгүшүнө филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, туунду же дагы башка компанияларды түзүүсүнө тыюу салуу аркылуу чектөөнү;
3) микрофинансы компаниясынын көрсөтүлгөн активдерди сатуусуна жана алынган суммаларды пайдалануусуна талапты;
4) микрофинансы компаниясынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн белгилүү бир контракттарды же макулдашууларды жокко чыгаруу же оңдоолорду киргизүү талабы же келечекте мындай контракттарды түзүүнү токтото туруу жөнүндө талабы;
5) лицензиясынын (күбөлүгүнүн) чегинде уруксат берилген иштин белгилүү бир түрлөрүн токтото турууга микрофинансы компаниясына коюлган талапты;
6) кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча башка чараларды кабыл алуу жөнүндө микрофинансы компаниясына коюлган талапты;
7) "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "банкроттук, анын ичинде банктардын банкроттугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жол-жоболорун колдонууну.
3. Лицензияны кайтарып алган учурдан тартып Улуттук банк микрофинансы компаниясын микрофинансы уюмунун реестринен чыгарып салат. Бул учурда микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу жоюлууга тийиш.
Микрофинансы компаниясынын лицензиясынын токтотула турушу же кайтарып алынгандыгы жөнүндө кардарларга билдирүүнүн жолу Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленүүгө тийиш.
4. Эгерде микрофинансы компаниясынын операцияларын токтото турууга жана чектөөгө алып келген кырдаал оңолсо, анда Улуттук банк микрофинансы компаниясына карата коюлган чектөөлөр алынып салынгандыгы же лицензияны токтото туруу алып салынгандыгы жөнүндө микрофинансы компаниясына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кабыл алуу жөнүндө микрофинансы компаниясына коюлган талапты;
7) алынып салынды: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар кошулду: "Банктар жана банк алынып салынды: иши кошулду: иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "банкроттук, анын … 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 207 кошулду: 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-30" title="30-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>