Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
351-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Пайыздын ставкасы кардарлар үчүн жылдык номиналдуу туюнтмада мезгил ичиндеги пайыздын ставкасы менен катар жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилүүгө тийиш. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин негизги сумманы, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланышкан башка төлөмдөрдү өзүнчө көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалыматты кардарларга берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган продуктуларды пайдаланууга жол берилбейт.
3. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө жарнамада, жарыялоолордо жана жайылтылуучу маалыматта микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана тарифтер микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү тараптардын өз ара макулдугу боюнча учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турушу мүмкүн.
4. Микрофинансы секторундагы үстөмдүк абалды болтурбоо, ошондой эле микрофинансы уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспаренттүүлүгүн микрофинансы уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан контролдукка алынат. Бул максаттарда Улуттук банк ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жана монополияга каршы мамиле жасоо чараларын көрүүгө укуктуу.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарга карата талаптар 1. Пайыздардын ставкаларынын (пайыздык ставкалардын), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин өлчөмдөрү жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана коммерциялык же банктык жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Пайыздын ставкасы кардарлар үчүн жылдык номиналдуу туюнтмада мезгил ичиндеги пайыздын ставкасы менен катар жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилүүгө тийиш. Пайыздын номиналдуу ставкасы кредиттин негизги суммасынын азайып бара жаткан калдыгына карата эсептелүүгө тийиш. Кардарларга берүү максаттары үчүн пайыздын натыйжалуу ставкасын аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин негизги сумманы, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланышкан башка төлөмдөрдү өзүнчө көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалыматты кардарларга берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган продуктуларды пайдаланууга жол берилбейт. 3. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө жарнамада, жарыялоолордо жана жайылтылуучу маалыматта микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана тарифтер микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү тараптардын өз ара макулдугу боюнча учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турушу мүмкүн. 4. Микрофинансы секторундагы үстөмдүк абалды болтурбоо, ошондой эле микрофинансы уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспаренттүүлүгүн микрофинансы уюмдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк тарабынан контролдукка алынат. Бул максаттарда Улуттук банк ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жана монополияга каршы мамиле жасоо чараларын көрүүгө укуктуу. (КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-351" title="351-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>