29-статья. Микрофинансы компанияларынын ишин текшерүү
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88
29-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 29-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Улуттук банк микрофинансы компаниялары тарабынан берилүүчү финансы отчетторун жана башка маалыматтарды текшерүүнү, инспекциялык текшерүүнү пайдалануу менен микрофинансы компанияларынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрофинансылык компаниялардын ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.
2. Улуттук банк текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча кесипкөй көз карандысыз аудиторлорго ыйгарым укуктарды ыйгарууга укуктуу.
Микрофинансы компаниясынын кызмат адамдары Улуттук банк тарабынан дайындалган текшерүүчү адамдарга көмөктөшүүгө милдеттүү.
3. Текшерүүчү адамдар өзүнүн дайындалгандыгы жөнүндө далилдерди бергенден кийин текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) байкоо жүргүзүү органынын, башкаруу органдарынын, администрациянын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүктөрдүн начальниктери же эсепке алууга жооптуу болгон адамдар иш учурунда микрофинансы компаниясынын ар кандай жайларына (башкы офисине, филиалына, өкүлчүлүгүнө) иш учурунда, жумуш күнү же ар кандай убакытта кирүүгө;
2) иш убагында микрофинансы компаниясынын байкоо жүргүзүү органынын жана администрациянын мүчөлөрү, анын кызматкерлери менен маектешүүгө;
3) кайсы гана документтер жана жазып алмалар (компьютердик жазууларды кошо эсептегенде) болбосун иликтөөгө жана алардан көчүрмө алууга жана ушулар же жазуулар боюнча микрофинансы компаниясынын кызмат адамдарынан, кызматкерлеринен, анын мурдагы негизги уюмдаштыруучулары, акционерлери, (катышуучулары) болгон же ошол учурда болушкан башка жактардан түшүнүк берүүнү талап кылууга;
4) түңүлткөн карыздарды эсептен чыгаруу боюнча же жетиштүү резервдерди түзүү жана колдоо үчүн же экономикалык башка ченемдердин же ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзам жана ченемдик актыларынын талаптарынын сакталышы үчүн нускамаларды даярдоого;
5) микрофинансы компаниясынын ишин текшерүүгө байланышкан дагы башка зарыл чараларды көрүүгө.
4. Улуттук банктын микрофинансы компаниясынын ишин текшерүү боюнча ыйгарым укуктары (ушул өңдүү ар кандай текшерүүлөргө байланышкан бардык ыйгарым укуктар да) микрофинансы компаниясы менен анын туунду компанияларына таламдары айкалышкан кандай гана компанияларга да болбосун (инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар) жайылтылат.
Микрофинансы компаниясын текшерүүнү ишке ашыруу максатында Улуттук банк микрофинансы компаниясынын жана анын бардык туунду компанияларынын жалпы финансылык абалын чагылдырган консолидацияланган балансты талап кылууга укуктуу. Ушул Мыйзамды жана/же банк мыйзамдарын бузууга жол берилген учурларда Улуттук банк микрофинансы компаниясына карата ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган санкцияларды жана чараларды колдонушу мүмкүн. Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу микрофинансы компанияларына карата консолидацияланган көзөмөл боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банктын текшерүүчү кызматкерлерине (аудитордук компанияга) текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды башкаларга айтууга же үчүнчү тарапка берүүгө тыюу салынат.
6. Текшерүү жүргүзгөн адамдар текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды мыйзамсыз башкаларга айткандыгы же үчүнчү тарапка бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2009-жылдын 27-мартындагы № 87, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 марта 2009 года № 87 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
23.03.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…компанияларынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
Улуттук банк алынып салынды: терроризмди - каржылоого кошулду: террористтик ишти финансылоого жана алынып салынды: кылмыш жолу менен алынган кошулду: кылмыштуу кирешелерди алынып салынды: легализациялоого кошулду: легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү алынып салынды: максатында ички контролду уюштуруу маселелери кошулду: чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрофинансылык компаниялардын алынып салынды: ишмердигин кошулду: ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын алынып салынды: жыйынтыктары кошулду: натыйжалары жөнүндө маалыматты алынып салынды: терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга кошулду: финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.
2. Улуттук банк текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча кесипкөй көз … 2009-жылдын 27-мартындагы № 87, 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 207 кошулду: 207, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>