Приказ ГНС «Об утверждении формы заявления об осуществлении индивидуальным предпринимателем дополнительных видов предпринимательской деятельности, решения о продлении срока представления налоговой отчетности и извещения о дате и времени осуществления физического обмера земельного участка, объекта имущества»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __02_февраль_ 2024-ж. / г. № ___29___ | г. Бишкек ш. |
Жеке ишкер тарабынан ишкердик иштин кошумча түрлөрүн жүзөгө ашыруу тууралуу арыздын, салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимдин жана жер участогун, мүлк объектисин физикалык ченөөнү жүзөгө ашыруунун датасы жана убактысы жөнүндө билдирүүнүн формаларын бекитүү тууралуу
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- жеке ишкер тарабынан ишкердик иштин кошумча түрлөрүн жүзөгө ашыруу тууралуу арыздын формасы DOC STI- 170-1;
- салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимдин формасы DOC STI- 195;
- жер участогун, мүлк объектисин физикалык ченөөнү жүзөгө ашыруунун датасы жана убактысы жөнүндө билдирүүнүн формасы DOC STI-061-1.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 28.08.2013-ж. № 205 "Салык кызматынын органдары тарабынан берилүүчү чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 02.10.2015-ж. № 215 “Салык органдары тарабынан берилүүчү арыздардын жана чечимдерин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 17.02.2016-ж. № 45 “Салык органдары тарабынан берилүүчү арыздардын жана чечимдерин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругу.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А.Мурзакматов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Мамытбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго, И.Н.Кыдыргычовго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук 2024-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.
| Төрага | А.К. Абдувапов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- МСКнын 2025-жылдын 14-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2 февралындагы № 29 буйругуна…Приказ · 14.02.2025 · № 102
- МСКнын 2025-жылдын 14-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 29 буйругуна…Приказ · 14.02.2025 · № 102