МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2 февралындагы № 29 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| ___14 февраля ___ 2025___-ж. / г. № _102____ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2 февралындагы № 29 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 29 «Жеке ишкер тарабынан ишкердик иштин кошумча түрлөрүн жүзөгө ашыруу тууралуу арыздын, салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимдин жана жер участогун, мүлк объектисин физикалык ченөөнү жүзөгө ашыруунун датасы жана убактысы жөнүндө билдирүүнүн формаларын бекитүү туралуу» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимдин DOC STI-195 формасы ушул буйруктун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда алтынчы абзац менен толукталсын:
«- Салык отчеттуулугун тапшыруу мөөнөтүн узартуу боюнча чечимди кабыл алуу тартиби».
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.Т. Оморов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырсын.
2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине карташтуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана К.А.Ысабековго жүктөлсүн.
Төрага А.Н. Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.