МСКнын «Кабарламаларды толтуруунун жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __15_ноябрь__ 2023-ж. / г. № ___308___ | г. Бишкек ш. |
Кабарламаларды толтуруунун жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Сальгк кодексинин 51-беренесинин 13-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1.Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- ЕАЭБ алкагында бир юридикалык жактын ичинде өткөрүп берүүгө байланыштуу товарлардын импорту/экспорту жөнүндө кабарлоо формасы UVEDOMLENIE ЅТІ-003 жана аны толтуруу жана берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- ЕАЭБ алкагында товарларды убактылуу киргизүү/чыгаруу жөнүндө UVEDOMLENIE ЅТІ-004 кабарлоо формасы жана aны толтуруу жана берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
- ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн эл аралык көргөзмө жана/же жарманке жөнүндө UVEDOMLENIE STI-005 уюштуруучунун кабарлоосунун формасы жана аны толтуруу жана берүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
- ЕАЭБ алкагында товарларды убактылуу ташып келүү/чыгаруу жөнүндө билдирүүлөрдү толтуруу жана берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 22-февралындагы № 67 «Кабарлоолорду толтуруу жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (Мурзакматов А.А.) ушул буйрук менен бекитилген кабарлоо формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Документгер менен камсыз кылуу жана контролдоо бөлүмү (А.Ж. Маматбекова) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекетгик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аймактык салык башкармалыктарына жеткирилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана А.С.Дубанаевге жүктөлсүн.
| Төрага | А.К. Абдувапов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3