МСК Буйрук 2025 жылы, 13 ноябр № 649 «Кабарламалардын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| 13 ноября_____ 2025___-ж. / г. № 649________ | г. Бишкек ш. |
Кабарламалардын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- ЕАЭБ алкагында товарларды/иштетип алма чийки заттарды ташып кирүү/ташып чыгуу жөнүндө кабарламанын (UVEDOMLENIE STI-015) формасы 1-тиркемеге ылайык;
- ЕАЭБ алкагында мурда ташып киргизилген/ташып чыгарылган товарларды ташып чыгуу/ташып кирүү же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу/ташып кирүү жөнүндө кабарламанын (UVEDOMLENIE STI-016) формасы 2-тиркемеге ылайык;
- ЕАЭБ алкагында товарларды/иштетип алма чийки заттарды ташыпкирүү/ташып чыгуу жөнүндө кабарламаны (UVEDOMLENIE STI- 015) толтуруу жана берүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
- ЕАЭБ алкагында мурда ташып киргизилген/ташып чыгарылган товарларды ташып чыгуу/ташып кирүү же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу/ташып кирүү жөнүндө кабарламаны (UVEDOMLENIE STI-016) толтуруу жана берүү тартиби 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууМамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 15- ноябрындагы № 308 "Кабарламалардын формаларын, мөөнөттөрүн, толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов)ушул буйрук менен бекитилген кабарламалардын формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынынборбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
5.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары К.А.Ысабековго жана А.А.Алманбетовго жүктөлсүн. A.Н. Шыкмаматов
Төрага A.Н. Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Мамлекеттик
салык кызматынын 13.11.2025-ж. №649
буйругуна 3-тиркеме
ЕАЭБ алкагында товарларды / иштетип алма чийки заттарды ташып кирүү / ташып чыгуу жөнүндө кабарламаны толтуруу жана берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык ЕАЭБ алкагында товарларды / иштетип алма чийки заттарды ташып кирүү / ташып чыгуу жөнүндө кабарламанын (мындан ары – Кабарлама) берүү мөөнөттөрүн жана толтуруу эрежелерин аныктоо максатында иштелип чыкты.
2. Кабарлама ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан (аймактарына) Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан товарларды/иштетип алма чийки заттарды ташып кирүүнү/ташып чыгууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан төмөнкү учурларда берилет:
1) Товарлардын касиеттерин жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын аймагынан / аймагына ташып чыгарылуучу / ташып киргизилүүчү товарларды төмөнкүлөр үчүн убактылуу ташып кирүүдө жана ташып чыгууда:
а) көргөзмөлөрдө, жарманкелерде көрсөтүү; б) ижарага алынган негизги каражаттарды;
в) кепилдик берилген оңдоо иштерин кошкондо, оңдоо иштери; г) аскердик машыгууларды өткөрүү;
д) апробациялоо үчүн негизги каражаттар, аларды кийин өзгөртүлбөгөн абалда ташып чыгуу / ташып кирүү жана ташып чыгарууда / ташып киргизүүдө аларды идентификациялоо мүмкүнчүлүгү болгон шартта.
2) Даяр продукцияга кайра иштетүү максатында иштетип алма чийки затты ташып кирүүдө / ташып чыгууда;
3) Бир юридикалык жактын чегинде товарларды төмөнкүлөргө ташып кирүүдө / ташып чыгууда:
а) ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнөн өзүнүн Кыргыз Республикасындагы филиалына же өкүлчүлүгүнө ташып кирүү;
б) ЕАЭБге мүчө мамлекеттеги филиалынан же өкүлчүлүгүнөн анын филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө ташып кирүү;
в) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттеги өзүнүн филиалына же өкүлчүлүгүнө ташып чыгуу;
г) Кыргыз Республикасындагы филиалынан же өкүлчүлүгүнөн анын филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнө ташып чыгуу.
Эскертүү: “Иштетип алма чийки зат” термини даяр продукцияны кийин кайтарып берүү менен даяр продукцияга кайра иштетүү максатында даярдоочуга заказчы тарабынан берилүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып келинген же ушул аймактан убактылуу ташып чыгарылган чийки затты жана материалдарды билдирет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү көргөзмөлөрдө, жарманкелерде көрсөтүү үчүн алынып келинген товарлар боюнча кабарламаны көргөзмөнүн, жарманкенин уюштуруучусу (уюштуруучу) берет. Эгерде уюштуруучулар бир нече субъект болсо, анда алардын бирин көргөзмө-жарманкени өткөрүүгө жооптуу уюштуруучу кылып дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынышы керек. Чечим протокол түрүндө жазуу жүзүндө түзүлөт, бардык субъекттер тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Көргөзмөнүн, жарманкенин ЕАЭБ ге мүчө мамлекеттерден ар бир катышуучусуна өзүнчө Кабарлама берилет.
4. Көргөзмөдө, жарманкеде товарларды саткан учурда импортко КНС боюнча салык милдеттенмеси уюштуруучуга жүктөлөт.
5. Кабарламага тиркелүүчү документтер:
а) товарларды убактылуу ташып кирүүдө / ташып чыгууда:
– товарды убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө контрагенттер ортосунда түзүлгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсү;
– товарды коштоочу документтер (CMR, темир жол же авиа коштомо кагазы).
б) Иштетип алма чийки затты ташып кирүүдө / ташып чыгууда:
– иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө контрагенттердин ортосунда түзүлгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсү;
– товарды коштоочу документтер (CMR, темир жол же авиа коштомо кагазы).
в) Бир юридикалык жактын чегинде товарларды ташып кирүүдө / ташып чыгууда:
– товарды жөнөтүүчү жана алуучу бир юридикалык жактын бөлүгүн тастыктаган уюштуруу документтери;
– товарды башкы компаниядан өзүнүн филиалына же филиалынан башкы компанияга алып өтүү жөнүндө буйрук;
– товарды коштоочу документтер (товардык коштомо кагаз, товарды өткөрүп берүү актысы, CMR, темир жол же авиа коштомо кагазы).
г) Көргөзмөлөрдө, жарманкелерде көрсөтүү үчүн товарларды ташып кирүүдө / ташып чыгууда:
– көргөзмөгө, жарманкеге катышууга чакыруу каты;
– товарды коштоочу документтер (CMR, темир жол же авиа коштомо кагазы).
6. Кабарламада көрсөтүлгөн убактылуу ташылып келинген товарлардын турган мезгили келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн мөөнөт менен бирдей болууга тийиш.
7. Кабарлама өз убагында берилбеген учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
8. Ушул Тартипте колдонулган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана/же ЕАЭБдин укугун түзүүчү актыларда аныкталган мааниде түшүнүлөт.
2. Кабарламаны берүүнүн мөөнөтү жана тартиби
9. Тиркелген документтери бар Кабарлама салыктык катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол тамгасы менен жеке кабинет аркылуу ар бир ташып кирүү / ташып чыгуу күнүнө карата берилет.
Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн тастыктоочу документтер жок болгон учурда Кабарлама салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
10. Кабарлама ташып кирүү жана ташып чыгуу датасынан кечиктирилбеген мөөнөттө берилет (FORM STI – 150 коштомо кагазы берилгенге чейин).
11. Кабарлама берилген дата болуп анын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна келип түшкөн датасы эсептелет.
12. Кабарлама негизги барактан жана анын тиркемесинен турат.
3. Кабарламаны толтуруу тартиби
I бөлүм. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү жөнүндө маалымат
13. 102-уячада салык төлөөчүнү салыктык каттоодо ыйгарылган салык төлөөчүнүн он төрт орундуу идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
14. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт. Жеке жак үчүн – паспорттук маалыматтарга ылайык салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты.
15. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
16. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт.
17. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан (жашаган) жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
18. 113-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан (жашаган) жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.
19. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин (жашаган жеринин) дареги (көчөнүн/кичи райондун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
20. 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефону көрсөтүлөт.
21. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
II бөлүм. ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү жөнүндө маалымат
22. 117-уячада ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
23. 118-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттин санариптик коду жана аталышы көрсөтүлөт.
24. 119-уячада ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн толук аталышы көрсөтүлөт.
III бөлүм. Кабарламанын мазмуну
25. 150-уячада төмөнкүлөрдү тандоо керек:
– Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө “ташып кирүү”;
– Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда “ташып чыгуу”.
26. Товарларды убактылуу ташып кирүү / ташып чыгуу учурунда
151-уячага белги коюлат, анда салык төлөөчү берилген тизмеден төмөнкүлөрдүн бирин гана тандайт:
а) көргөзмөлөрдө, жарманкелерде көрсөтүү; б) ижарага алынган негизги каражаттарды;
в) кепилдик берилген оңдоо иштерин кошкондо, оңдоо иштери; г) аскердик машыгууларды өткөрүү;
д) апробациялоо үчүн негизги каражаттар, аларды кийин өзгөртүлбөгөн абалда ташып чыгуу / ташып кирүү жана ташып чыгарууда / ташып киргизүүдө аларды идентификациялоо мүмкүнчүлүгү болгон шартта.
27. Иштетип алма чийки затты ташып кирүү / ташып чыгуу учурунда 152-уячага белги коюлат.
28. Товарларды бир юридикалык жактын чегинде ташып кирүү / ташып чыгуу учурунда 153-уячага белги коюлат.
29. Бир Кабарламада ташып кирүү / ташып чыгуу негиздеринин эки же андан көп түрү тандалбайт.
30. 154 жана 155-уячаларда товарларды / иштетип алма чийки затты ташып кирүү / ташып чыгуу мөөнөтү же Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөнү жана/же жарманкени өткөрүү мезгили көрсөтүлөт.
154 жана 155-уячалар товарларды бир юридикалык жактын чегинде ташып кирүүдө / ташып чыгууда толтурулбайт.
31. 156 жана 157-уячаларда Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин реквизиттери (номери жана датасы) көрсөтүлөт.
156 жана 157-уячалар товарларды бир юридикалык жактын чегинде ташып кирүүдө / ташып чыгууда толтурулбайт.
32. 900 жана 901-уячалар салык төлөөчү тарабынан толтурууну талап кылбайт. Бул уячаларда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму тарабынан ыйгарылган каттоо номери жана Кабарламанын маалыматтык тутумга келип түшкөн датасы автоматтык түрдө чагылдырылат.
4. ЕАЭБ алкагында товарларды / иштетип алма чийки заттарды ташып кирүү / ташып чыгуу жөнүндө кабарламага тиркемени толтуруу тартиби
I бөлүм. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү жөнүндө маалымат
33. 102-уячада салык төлөөчүнү салыктык каттоодо ыйгарылган салык төлөөчүнүн он төрт орундуу идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
34. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт. Жеке жак үчүн – паспорттук маалыматтарга ылайык салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты.
35. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
36. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт.
37. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан (жашаган) жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
38. 113-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан (жашаган) жери боюнча калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.
39. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин (жашаган жеринин) дареги (көчөнүн/кичи райондун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
40. 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефону көрсөтүлөт.
41. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
II бөлүм. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык төлөөчүлөрү жөнүндө маалымат
42. 117-уячада ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
43. 118-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттин санариптик коду жана аталышы көрсөтүлөт.
44. 119-уячада ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн толук аталышы көрсөтүлөт.
III бөлүм. Ташып киргизилүүчү / ташып чыгарылуучу товарлар
/ иштетип алма чийки зат жөнүндө маалымат
45. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
46. 2-графада товардын/иштетип алма чийки заттын толук аталышы көрсөтүлөт.
47. 3-графада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын классификациясына ылайык товардын / иштетип алма чийки заттын ТЭИ ТН коду 10 белгинин деңгээлинде көрсөтүлөт.
48. 4-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
49. 5-графада товардын / иштетип алма чийки заттын саны көрсөтүлөт.
50. 6-графада товардын / иштетип алма чийки заттын наркы көрсөтүлөт.
ЕАЭБ алкагында мурда ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарларды ташып чыгуу / ташып кирүү же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу / ташып кирүү жөнүндө кабарламаны толтуруу жана берүү тартиби
5. Жалпы жоболор
51. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51- беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык ЕАЭБ алкагында мурда ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарларды ташып чыгуу / ташып кирүү же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу / ташып кирүү жөнүндө кабарламаны (мындан ары – Кабарлама) толтуруу жана берүү мөөнөттөрүн жана эрежелерин аныктоо максатында иштелип чыкты.
52. Кабарлама Кыргыз Республикасынын аймагынан (аймагына) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына (аймагынан) мурда ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарларды же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууда / ташып кирүүдө төмөнкү учурларда толтурулат:
1) Мурда убактылуу ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарларды төмөнкүлөр үчүн ташып чыгууда / ташып кирүүдө:
а) көргөзмөлөрдө, жарманкелерде көрсөтүү; б) ижарага алынган негизги каражаттарды;
в) кепилдик берилген оңдоо иштерин кошкондо, оңдоо иштери; г) аскердик машыгууларды өткөрүү;
д) апробациялоо үчүн негизги каражаттар, аларды кийин өзгөртүлбөгөн абалда ташып чыгуу / ташып кирүү жана ташып чыгарууда / ташып киргизүүдө аларды идентификациялоо мүмкүнчүлүгү болгон шартта.
2) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууда / ташып кирүүдө.
Эскертүү: "Кайра иштетүү продуктулары" термини – иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарлар.
53. Кабарлама өз убагында берилбеген учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
54. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууда Кабарламага тиркелүүчү документтер:
– иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө контрагенттердин ортосунда түзүлгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсү;
– экспертиза актысын, СТ-1 товарынын чыккан жери жөнүндө сертификатты жана корутунду берүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду;
– аткарылган иштер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жазылып берилген эсеп-фактуранын көчүрмөсү;
– товарды коштоочу документтер (CMR, темир жол же авиа коштомо кагазы).
55. Ушул Тартипте колдонулган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана/же ЕАЭБдин укугун түзүүчү актыларда аныкталган мааниде түшүнүлөт.
6. Кабарламаны берүүнүн мөөнөтү жана тартиби
56. Тиркелген документтери бар Кабарлама салыктык катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол тамгасы менен жеке кабинет аркылуу берилет.
Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн тастыктоочу документтер жок болгон учурда Кабарлама салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
57. Кабарлама ташып чыгуу жана ташып кирүү датасынан кечиктирилбеген мөөнөттө берилет (FORM STI-150 коштомо кагазы берилгенге чейин).
58. Кабарлама берилген дата болуп анын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна келип түшкөн датасы эсептелет.
59. Кабарлама негизги барактан жана анын тиркемесинен турат.
7. Кабарламаны толтуруу тиртиби
60. Кабарламанын I-III бөлүмдөрү мурда берилген FORM STI-015 Кабарламадан автоматтык түрдө алынып толтурулат.
61. 156 жана 157-уячалар мурда ташып киргизилген товар же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктулары ташып чыгарылган учурда толтурулат, Кыргыз Республикасынын аймагына товарды же иштетип алма чийки затты ташып киргизүүдө таризделген коштомо кагаздын номери жана датасы көрсөтүлөт.
62. 158 жана 159-уячалар автоматтык түрдө толтурулат.
63. 900 жана 901-уячалар салык төлөөчү тарабынан толтурууну талап кылбайт. Бул уячаларда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму тарабынан ыйгарылган каттоо номери жана Кабарламанын маалыматтык тутумга түшкөн дата автоматтык түрдө чагылдырылат.
8. ЕАЭБ алкагында мурда убактылуу ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарларды ташып чыгуу / ташып кирүү же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу / ташып кирүү жөнүндө кабарламага тиркемени толтуруу тартиби
64. Кабарламанын I-II бөлүмдөрү мурда берилген FORM STI-015 Кабарламадан автоматтык түрдө алынып толтурулат.
III бөлүм. Ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарлар / кайра иштетүү продуктулары жөнүндө маалымат
65. Мурда ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарларды ташып чыгуу/ташып кирүү учурунда бул бөлүм автоматтык түрдө толтурулат (мурда берилген FORM STI-015 Кабарламадан маалыматтар көчүрүлөт).
66. Ташып киргизилген / ташып чыгарылган товарлардын саны өзгөргөн учурда 7 жана 8-графалардагы маалыматтар оңдоп-түзөлүүгө тийиш.
67. Ташып кирүүдө/ташып чыгууда мурда билдирилген товарлардын саны иш жүзүндө ташып киргизилген / ташылып чыгарылган товарлардын саны менен дал келбестиги болгон учурда, Кабарламаны жеке кабинет аркылуу берген учурда комментарий бөлүмүндө дал келбестиктин себеби көрсөтүлөт.
68. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгуу/ташып кирүү учурунда бул бөлүм салык төлөөчү тарабынан өз алдынча толтурулат.
69. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
70. 2-графада иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусунун толук аталышы көрсөтүлөт.
71. 3-графада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын классификациясына ылайык иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусунун ТЭИ ТН коду 10 белгинин деңгээлинде көрсөтүлөт.
72. 4-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.
73. 5 жаны 6-графа толтурулбайт.
74. 7-графада иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктуларынын саны көрсөтүлөт.
75. 8-графада жазылган эсеп-фактурага ылайык аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын наркы көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- МСКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 308 "Кабарламаларды толтуруунун жана берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 15.11.2023 · № 308