Приказ Министерства здравоохранения КР «Об утверждении Инструкции по заполнению регистрационной карточки организации здравоохранения и формы регистрационной карточки организации здравоохранения «»
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТЕРСТВО
САЛАМАТТЫК САКТОО
ЗДРАВООХРАНЕНИЯ
МИНИСТРЛИГИ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
БУЙРУК ПРИКАЗ ___________________ № ________
Бишкек ш.
г.Бишкек
Саламаттык сактоо уюмунун каттоо карточкасын толтуруу боюнча нускаманы жана саламаттык сактоо уюмунун каттоо карточкасынын формасын бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 4пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Саламаттык сактоо уюмунун каттоо карточкасын толтуруу боюнча нускама;
2) ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Саламаттык сактоо уюмунун каттоо карточкасынын формасы.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгы:
1) ушул буйрук мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) ушул буйрукту саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине аткаруу үчүн жеткирсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери:
1) ушул буйрук менен бекитилген Нускамага ылайык саламаттык сактоо уюмунун каттоо карточкасын толтурууну камсыз кылышсын;
№ 813, 13.07.2026 Powered by TCPDF (www.tcpdf.org)
Кол койгон: Осмонов Д.А.
2) каттоо карточкасында камтылган маалыматтардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылышсын;
3) уюмдун уюштуруучулук түзүмү, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамы, керебет фонду жана каттоо карточкасынын формасында каралган башка маалыматтар өзгөргөн учурда каттоо карточкасына өз убагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын каттоо карточкаларын толтуруу процессин коштоп камсыз кылсын;
2) саламаттык сактоо уюмдарына каттоо карточкасын толтуруу боюнча усулдук жардам көрсөтсүн;
3) Нускаманын талаптарына ылайык саламаттык сактоо уюмдарынын каттоо карточкаларын жана аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгууну камсыз кылсын.
5.
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары
А.Т. Мамадалиевге жүктөлсүн.
Министр
№ 813, 13.07.2026 Powered by TCPDF (www.tcpdf.org)
Д.А. Осмонов
Кол койгон: Осмонов Д.А.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын «13» июль № 813 буйругуна 1-тиркеме
НУСКАМА саламаттык сактоо уюмунун түзүмү жана профили үчүн Форманы толтуруу боюнча
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама саламаттык сактоо уюмунун түзүмү жана профили үчүн Форманы (мындан ары – Форма) толтуруу тартибин аныктайт.
2. Форма Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын бирдиктүү реестрин жүргүзүү, саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруу түзүмү, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, керебет фонду, баштапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмдөрү, стоматологиялык кызмат, диагностикалык жана дарылоо кызматтары, ошондой эле саламаттык сактоо уюмунун башка бөлүмдөрү жөнүндө маалыматтарды түзүү жана актуалдаштыруу үчүн арналган.
3. Форма саламаттык сактоо уюмунун түзүмү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү булагы болуп саналат жана саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жүргүзүү, статистикалык отчеттуулукту түзүү, медициналык жардамды уюштуруу, саламаттык сактоо уюмдарынын ишин талдоо, керебет фондун эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка максаттар үчүн колдонулат.
4. Форма менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан толтурулат.
5. Формада камтылган маалыматтар саламаттык сактоо уюмунун уюштуруу документтерине, бекитилген уюштуруу түзүмүнө, саламаттык сактоо уюмунун ички буйруктарына жана саламаттык сактоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүгө тийиш.
6. Формадагы бардык маалыматтар аны толтуруу датасына карата анык, толук жана актуалдуу болууга тийиш.
7. Уюштуруу түзүмү, бөлүмдөрдүн аталыштары, керебет фонду же Формада камтылган башка маалыматтар өзгөргөн учурда, саламаттык сактоо уюму белгиленген тартипте тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
8. Формада саламаттык сактоо уюмунун иш жүзүндө иштеп жаткан түзүмдүк бөлүмдөрү гана чагылдырылат. Иши токтотулган же саламаттык сактоо уюмунун бекитилген түзүмүндө жок бөлүмдөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
9. Эгерде Формада конкреттүү саламаттык сактоо уюмунда жок түзүмдүк бөлүмдөрдү чагылдыруу каралган болсо, тиешелүү бөлүмдөр толтурулбайт.
10. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталыштары саламаттык сактоо уюмунун бекитилген уюштуруу түзүмүнө ылайык көрсөтүлөт. Зарыл болгон учурда саламаттык сактоо уюму белгиленген тартипте түзүлгөн кошумча түзүмдүк бөлүмдөрдү, эгерде алар болжолдуу тизмеде каралбаса да, киргизүүгө укуктуу.
2-глава. Жалпы маалыматтарды толтуруу тартиби
1.0-сап «Уюмдун толук аталышы»
11. 1.0-сапта саламаттык сактоо уюмунун уюштуруу документтерине ылайык толук расмий аталышы көрсөтүлөт. Аталыш юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик
реестринде камтылган маалыматтарга шайкеш келүүгө тийиш. Уюмдун расмий аталышында каралбаган кыскартууларды колдонууга жол берилбейт.
2.0-сап «НИСУР коду»
12. 2.0-сапта Саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун улуттук маалыматтык системасы (НИСУР) тарабынан ыйгарылган саламаттык сактоо уюмунун коду көрсөтүлөт. Ар бир саламаттык сактоо уюмуна бир уникалдуу НИСУР коду ыйгарылат. Саламаттык сактоо уюму кайра уюштурулган учурда НИСУР коду НИСУР маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
3.0-сап «Уюмдун ИННи»
13. 3.0-сапта юридикалык жактын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт. ИНН
Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган маалыматтарга шайкеш келүүгө тийиш.
4.0-сап «Саламаттык сактоо уюмунун деңгээли»
14. 4.0-сапта саламаттык сактоо уюмунун деңгээли Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө Жобого ылайык көрсөтүлөт (КР ССМдин 2026жылдын 23-февралындагы № 208 буйругу).
15. Уюмдун деңгээли көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрлөрүнө, саламаттык сактоо уюмунун адистешүү даражасына, уюштуруу түзүмүнө жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын көлөмүнө жараша аныкталат. Форманы толтурууда төмөнкү деңгээлдердин бирин көрсөтүүгө жол берилет: баштапкы деңгээл, аралаш (интеграцияланган) деңгээл, экинчилик деңгээл, үчүнчүлүк деңгээл.
16. Формада саламаттык сактоо уюмунун бир гана деңгээли көрсөтүлөт. Тандалган деңгээл саламаттык сактоо уюмунун бекитилген уюштуруу түзүмүнө жана иш жүзүндө көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш.
4.1-сап «Саламаттык сактоо уюмунун түрү»
17. 4.1-сапта саламаттык сактоо уюмунун түрү классификаторго ылайык көрсөтүлөт.
Төмөнкү маанилердин бирин көрсөтүүгө жол берилет:
1) дарылоо-профилактикалык уюмдар – Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөткөн уюмдар. Дарылоо-профилактикалык уюмдар көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын түрлөрүнө жараша кеңири профилдеги (көп профилдүү) жана адистештирилген дарылоо-профилактикалык уюмдарга бөлүнөт. Кеңири профилдеги (көп профилдүү) дарылоо-профилактикалык уюмдарга ар кандай түрдөгү медициналык-санитардык жардам көрсөткөн баштапкы деңгээлдеги жана аралаш (интеграцияланган) деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдар кирет. Адистештирилген дарылоо-профилактикалык уюмдарга медициналык-санитардык жардамдын айрым адистештирилген түрлөрүн көрсөткөн экинчилик жана үчүнчүлүк деңгээлдеги уюмдар кирет;
2) коомдук саламаттык сактоо уюмдары – санитардык көзөмөлдү жана профилактикалык иш-чараларды камсыз кылат, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзөт, сергек жашоо образын калыптандырууга жана жарандардын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөт;
3) илимий-изилдөө уюмдары – фундаменталдык, колдонмо медицина жана гигиена жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт, дарылоо-профилактикалык жана педагогикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырат. Илимий-изилдөө уюмдарына үчүнчүлүк деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары кирет;
4) билим берүү уюмдары – саламаттык сактоо системасы үчүн медициналык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат;
5) медициналык-социалдык уюмдар – Кыргыз Республикасында жарандарга абилитациялык, протездик-ортопедиялык жана тиш протездөө жардамын, ошондой эле социалдык мүнөздөгү жардамды камтыган медициналык-социалдык жардам көрсөтөт;
6) реабилитациялык уюмдар – Кыргыз Республикасында тубаса, кийин пайда болгон, курч жана өнөкөт оорулардан жана алган жаракаттардын кесепеттеринен жабыркаган жарандарга медициналык реабилитация жүргүзөт;
7) фармацевтикалык уюмдар – дары каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу менен алектенген уюмдар;
8) саламаттык сактоо уюмдарынын кошумча түрлөрү – уюштуруучулук, координациялык, методикалык, статистикалык, көмөкчү, техникалык жана башка ишмердүүлүк түрлөрүн жүзөгө ашырган саламаттык сактоо уюмдары.
3-глава. Саламаттык сактоо уюмунун түзүмүн толтуруу тартиби
1. Административдик-башкаруу персоналы (АБП)
18. «Административдик-башкаруу персоналы (АБП)» бөлүмү саламаттык сактоо уюмун башкаруунун уюштуруу түзүмүн чагылдыруу үчүн арналган. Бул бөлүмдө саламаттык сактоо уюмунун ишин жетектөөнү, уюштурууну, координациялоону, контролдоону, административдик, кадрдык, финансылык, юридикалык, статистикалык жана башка коштоону камсыз кылган бардык түзүмдүк бөлүмдөр жана кызмат орундары көрсөтүлөт.
19. Бөлүмдө саламаттык сактоо уюмунун уюштуруу түзүмү менен бекитилген түзүмдүк бөлүмдөр гана чагылдырылат. Иши токтотулган же саламаттык сактоо уюмунун бекитилген түзүмүндө жок бөлүмдөрдү көрсөтүүгө жол берилбейт.
20. Бөлүмдө саламаттык сактоо уюмунун директору, директордун орун басарлары, башкы медициналык айым, бухгалтерия, кадрлар бөлүмү, медициналык кызматтардын сапатын башкаруу бөлүмү, медициналык-маалыматтык бөлүм, юридикалык кызмат, кеңсе, мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү, финансы-экономикалык бөлүм, ички аудит бөлүмү, санариптик өнүктүрүү бөлүмү, статистика бөлүмү, инфекциялык контроль кызматы, дарыкана кызматы жана башка түзүмдүк бөлүмдөр көрсөтүлүшү мүмкүн.
2. Саламаттык сактоо уюмунун стационардык түзүмү
21. «Саламаттык сактоо уюмунун стационардык түзүмү» бөлүмү стационардык медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан толтурулат.
Стационардык медициналык жардам көрсөтпөгөн саламаттык сактоо уюмдары бул бөлүмдү толтурбайт.
5.0-сап «Стационардын профили»
22. 5.0-сапта стационардык саламаттык сактоо уюмунун профили көрсөтүлөт.
Стационардын профили адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги багытына жараша аныкталат. Төмөнкү профилдердин бирин көрсөтүүгө жол берилет: жалпы профилдеги, психиатриялык, онкологиялык, кардиологиялык, гематологиялык. Эгерде саламаттык сактоо уюму бир нече багыт боюнча медициналык жардам көрсөтсө жана адистештирилген стационарларга кирбесе, «Жалпы профилдеги» профили көрсөтүлөт. 2-графа «Бөлүмдүн коду»
23. 2-графада бөлүмдүн ички коду көрсөтүлөт. Бөлүмдүн ички коду саламаттык сактоо уюму тарабынан өз алдынча ыйгарылат жана саламаттык сактоо уюмунун ички буйругу менен бекитилет. Код уюмдун чегинде уникалдуу болууга, 01ден 99га чейинки эки орундуу сандык мааниден турууга, бир гана түзүмдүк бөлүм үчүн колдонулууга жана бекитилген уюштуруу түзүмүнө шайкеш келүүгө тийиш.
3-графа «Профилдин стандарттык коду»
24. 3-графада бөлүмдүн профилинин стандарттык коду көрсөтүлөт. Профилдин стандарттык коду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын
8-январындагы № 9 буйругуна ылайык гана тандалат. Профилдердин коддорун өз алдынча ыйгарууга жол берилбейт. 4-графа «Бөлүмдүн аталышы»
25. 4-графада бөлүмдүн толук аталышы көрсөтүлөт. Бөлүмдүн аталышы саламаттык сактоо уюму тарабынан өз алдынча аныкталат жана бекитилген уюштуруу түзүмүнө, саламаттык сактоо уюмунун ички буйругуна жана бөлүмдүн иш профилине шайкеш келүүгө тийиш.
5-графа «Жалпы керебеттер»
26. 5-графада тиешелүү бөлүм үчүн бекитилген керебеттердин жалпы саны көрсөтүлөт.
Керебеттердин саны саламаттык сактоо уюмунун бекитилген түзүмүнө шайкеш келүүгө тийиш жана бүтүн сан менен көрсөтүлөт. 6-графа «Керебеттердин профили»
27. 6-графада керебеттердин профили же бөлүмдүн башка түзүмдүк бирдиги көрсөтүлөт.
Башка түзүмдүк бирдиктерге палаталар, интенсивдүү терапия палаталары, операциялык блоктор, төрөт залдары, кабыл алуу блоктору, кабинеттер жана бөлүмдүн курамына кирген башка түзүмдүк бирдиктер кирет. Ар бир түзүмдүк бирдик өзүнчө сапта көрсөтүлөт.
6.1-графа «Профиль боюнча керебеттердин саны»
28. 6.1-графада ар бир профиль боюнча керебеттердин саны көрсөтүлөт. Бардык профилдер боюнча керебеттердин санынын суммасы бөлүмдүн жалпы керебеттеринин санына барабар болууга тийиш.
7-графа «Чарбалык эсептешүүдөгү керебеттер»
29. 7-графада тиешелүү керебет профили боюнча чарбалык эсептешүүдөгү (акы төлөнүүчү) керебеттердин бар экендиги жана саны көрсөтүлөт. Чарбалык эсептешүүдөгү керебеттер бар болсо, алардын саны бүтүн сан түрүндө көрсөтүлөт. Чарбалык эсептешүүдөгү керебеттер жок болсо, графада «Жок» мааниси көрсөтүлөт. Чарбалык эсептешүүдөгү керебеттердин саны 6.1-графада көрсөтүлгөн тиешелүү профиль боюнча керебеттердин жалпы санынан ашпоого тийиш. Терс маанилерди, бөлчөк маанилерди, ошондой эле тиешелүү профиль боюнча керебеттердин санынан ашкан чарбалык эсептешүүдөгү керебеттердин санын көрсөтүүгө жол берилбейт.
8-графа «Бөлүмдүн статусу»
30. 8-графада бөлүмдүн учурдагы статусу көрсөтүлөт. Төмөнкү маанилерге жол берилет:
«Ачык», «Жабык». «Ачык» статусу медициналык ишти жүзөгө ашырган бөлүмдөргө ыйгарылат. «Жабык» статусу белгиленген тартипте иши токтотулган бөлүмдөргө ыйгарылат. 9-графа «КСФ түзүү»
31. 9-графада бөлүмдүн клиникалык-статистикалык форманы түзүүгө катышуусу көрсөтүлөт. Төмөнкү маанилерге жол берилет: «Ооба», «Жок».
4-глава. Саламаттык сактоо уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө маалыматтарды толтуруу тартиби
3. Жардамчы бөлүмдөр (6.0-сап)
32. «Жардамчы бөлүмдөр» бөлүмү саламаттык сактоо уюмунун ишин камсыз кылган жана бейтаптарга түздөн-түз медициналык жардам көрсөтпөгөн түзүмдүк бөлүмдөрдү чагылдыруу үчүн арналган. Бөлүмдө саламаттык сактоо уюмунун уюштуруу түзүмүндө каралган, иш жүзүндө иштеп жаткан бардык жардамчы бөлүмдөр көрсөтүлөт.
4. Чарба кызматы
33. «Чарба кызматы» бөлүмү саламаттык сактоо уюмунун чарбалык ишин камсыз кылган, анын ичинде имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоону, транспорттук тейлөөнү, инженердик коммуникацияларды, материалдык-техникалык камсыздоону жана мүлктү күтүү иштерин камсыз кылган бөлүмдөрдү чагылдыруу үчүн арналган.
5. Тез медициналык жардам
34. «Тез медициналык жардам» бөлүмү өз түзүмүндө тез медициналык жардам бөлүмдөрүнө ээ болгон саламаттык сактоо уюмдары тарабынан толтурулат. Эгерде саламаттык сактоо уюму тез медициналык жардам көрсөтпөсө, бөлүм толтурулбайт.
6. БМСЖ түзүмү (7.0-сап)
35. «БМСЖ түзүмү» бөлүмү саламаттык сактоо уюмунун курамында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн бөлүмдөрдү, анын ичинде дарылооконсультациялык бөлүмдөрдү, адистердин кабинеттерин жана БМСЖнын башка бөлүмдөрүн чагылдыруу үчүн арналган.
7. Диагностикалык жана дарылоо кызматтары (8.0-сап)
36. «Диагностикалык жана дарылоо кызматтары» бөлүмү лабораториялык, аспаптык диагностиканы жана дарылоо процедураларын жүргүзүүнү камсыз кылган бөлүмдөрдү чагылдыруу үчүн арналган.
5-глава
Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын түзүмдүк бөлүмдөрү жана адистештирилген бөлүмдөр жөнүндө маалыматтарды толтуруу тартиби
8. БМСЖ түзүмдүк бөлүмдөрү (9.0-сап)
37. «БМСЖ түзүмдүк бөлүмдөрү» бөлүмү саламаттык сактоо уюмунун түзүмүнө кирген баштапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмдөрү жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу үчүн арналган. Бөлүм өз курамында үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна (ҮДТ), фельдшердикакушердик пункттарга (ФАП), БМСЖ амбулаторияларына жана баштапкы медициналыксанитардык жардамдын башка бөлүмдөрүнө ээ болгон саламаттык сактоо уюмдары тарабынан толтурулат.
9.0-сап «Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу»
38. 9.0-сапта саламаттык сактоо уюмунун түзүмүнө кирген ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жөнүндө маалыматтар чагылдырылат: топтун катар номери, расмий аталышы, бөлүмдүн
НИСУР коду, ҮДТнын курамына кирген кабинеттер жана бөлүмдөр жөнүндө маалыматтар.
9.1-сап «Фельдшердик-акушердик пункт»
39. 9.1-сапта саламаттык сактоо уюмунун түзүмүнө кирген ар бир фельдшердикакушердик пункт жөнүндө маалыматтар чагылдырылат: расмий аталышы жана бөлүмдүн НИСУР коду. Бөлүмдүн аягында үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана фельдшердик-акушердик пункттардын жалпы саны көрсөтүлөт.
9. Стоматологиялык бөлүм (10.0-сап)
40. «Стоматологиялык бөлүм» бөлүмү өз түзүмүндө стоматологиялык бөлүмдөргө ээ болгон саламаттык сактоо уюмдары тарабынан толтурулат. Стоматологиялык кызмат жок болгон учурда бөлүм толтурулбайт. Ар бир стоматологиялык бөлүм боюнча тиешелүү профилдер боюнча стоматологиялык креслолордун саны көрсөтүлөт.
10. Күндүзгү стационар (11.0-сап)
41. «Күндүзгү стационар» бөлүмү күндүзгү стационар шартында медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдары тарабынан толтурулат. Күндүзгү стационар жок болгон учурда бөлүм толтурулбайт. Күндүзгү стационардын керебеттеринин (орундарынын) жалпы саны, ал эми бир нече профили болгон учурда ар бир профиль боюнча керебеттердин саны көрсөтүлөт.
6-глава. Форманы толтурууга карата жалпы талаптар
42. Форма саламаттык сактоо уюмунун бекитилген уюштуруу түзүмүнүн негизинде толтурулат.
43. Формада камтылган бардык маалыматтар саламаттык сактоо уюмунун ички буйруктарына шайкеш келүүгө тийиш.
44. Форманы толтурууда анык эмес маалыматтарды киргизүүгө, уюштуруу түзүмүндө жок бөлүмдөрдү көрсөтүүгө, ар башка бөлүмдөр үчүн бирдей ички коддорду колдонууга, бекитилген классификатордо жок профилдердин стандарттык коддорун көрсөтүүгө, керебеттердин жалпы санынын профилдер боюнча бөлүштүрүлгөн керебеттердин санына шайкеш келбешине, ошондой эле иши токтотулган бөлүмдөрдү көрсөтүүгө жол берилбейт.
45. Уюштуруу түзүмү, бөлүмдөрдүн аталыштары, керебеттердин саны, бөлүмдөрдүн профилдери же башка маалыматтар өзгөргөн учурда Форма актуалдаштырылууга жатат.
46. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Формага маалыматтарды толук, анык жана өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчилик тартат.
47. Форма саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет жана белгиленген тартипте күбөлөндүрүлөт.
48. Бекитилгенден кийин Форма саламаттык сактоо уюмунун колдонуудагы уюштуруу түзүмүн жана профилин чагылдырган расмий документ катары колдонулат.
7-глава. Корутунду жоболор
49. Уюштуруу түзүмү, саламаттык сактоо уюмунун профили, түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталыштары, керебет фонду, саламаттык сактоо уюмунун деңгээли, саламаттык сактоо уюмунун түрү же саламаттык сактоо уюмунун түзүмү жана профили үчүн Формада чагылдырылган башка маалыматтар өзгөргөн учурда, саламаттык сактоо уюму аталган Форманы актуалдаштырууга милдеттүү.
50. Актуалдаштырылган саламаттык сактоо уюмунун түзүмү жана профили үчүн Форма саламаттык сактоо уюму тарабынан тиешелүү Саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борборуна жөнөтүлөт.
51. Саламаттык сактоону координациялоо жана башкаруу борбору актуалдаштырылган
Форманы алган соң, анын толтурулушунун толуктугун жана белгиленген талаптарга шайкештигин алдын ала текшерет, андан кийин аны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборуна жөнөтөт.
52. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору келип түшкөн Форманы кароону жана өз компетенциясынын чегинде саламаттык сактоо тармагындагы маалыматтык системаларга жана мамлекеттик маалыматтык ресурстарга тиешелүү маалыматтарды киргизүүнү камсыз кылат.
53. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси саламаттык сактоо уюмунун түзүмү жана профили үчүн Формада көрсөтүлгөн маалыматтардын өз убагында, толук жана анык берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 249
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14