КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Натыйжалуу визалык саясатты түзүү максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускама (мындан ары – Нускама) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын визалык чаптамасынын баяндамасы жана анын үлгүлөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген визалар аларда көрсөтүлгөн мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонулаары;
- уруксат берүүчү документтери болгон учурда визалар узартылаары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы таризделген визалар жөнүндө толук статистикалык маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:
- 26-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 21-июнундагы №239 “Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу чет өлкөлүк граждандардын транзиттик жүрүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-августундагы № 509 “Чүй областынын Аламүдүн районунун Ак-Жол жана Панфилов районунун Чалдыбар айылдарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук пункттарын ачуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 112 “Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен визалык режимди белгилөө жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын июнундагы № 343 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-августундагы № 145 “Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен “КПҮ” грифин алып салуу тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын17-декабрындагы № 710 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 750 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 “Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 5-апрелинен тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (11)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 "Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү…Постановление · 20.03.2015 · № 132
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2014 · № 710
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы N 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 августа 2003 года №509 "Об открытии консульских пунктов Министерства иностранных дел Кыргызской Республики в селах Ак-Жол Аламудунского…Постановление · 13.08.2003 · № 509 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 июня 1995 года N 239 "Об утверждении Правил транзитного проезда иностранных граждан через территорию Кыргызской Республики"Постановление · 21.06.1995 · № 239 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 112 " Жарандардын өз ара катташуу режимин тартипке салуу жана Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү менен визалык…Постановление · 28.03.2008 · № 112 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу" токтомуПостановление · 01.10.2013 · № 541 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы № 750 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин…Постановление · 29.12.2014 · № 750 · Күчүн жоготкон