Министрлер Кабинетинин №523 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
“Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө
Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча чараларды күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун уюштуруучусу катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларын “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
21-августундагы № 414 “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 2-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Фонд “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коому дайындаган байкоочу кеңеш тарабынан башкарылат;”;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо жана долбоордук кеңсени каржылоо үчүн гана пайдаланылат.”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 16-июнундагы № 323 “Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши жөнүндө жободо:
4-главада:. – он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Долбоордук кеңсени каржылоо “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.”;
– он экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коому менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 5 сентября 2001 года №535 "О признании утратившими силу некоторых решений Совета Министров Киргизской ССР и Центрального комитета…Постановление · 05.09.2001 · № 535
- Постановление Правительства РК от 21 июля 1992 года N 340 "О признании утратившими силу некоторых постановлений Правительства Республики Кыргызстан"Постановление · 21.07.1992 · № 340
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 414 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.08.2019 · № 414
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2022 · № 323 · Күчүн жоготкон