КР Өкмөтүнүн «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондун түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 21-августу № 414 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө Региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чараларды күчөтүү, 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу), жогоруда аталган Макулдашууга карата "Центерра Голд Инк." жана "Кумтөр Голд Компани" компаниялары тарабынан кол коюлган 2019-жылдын 7-августундагы Бир тараптуу милдеттенменин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы социалдык өнөктөштүктү ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте:
- "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондун (мындан ары - Фонд) түзсүн;
- Фонддун уюмдаштыруучусу катары чыксын;
- Фондду иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Фонд Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги дайындаган байкоочу кеңеш тарабынан башкарылат;
- Фонд жыл сайын аудитордук текшерүүгө алынат;
- Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн гана пайдаланылат.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Фонддун иштеши үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарты менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106 дареги боюнча жайгашкан имараттын ичинен жай берсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 23-августунда N 71 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун ишинин айрым маселелери…Постановление · 23.08.2025 · № 523
- Министрлер Кабинетинин №523 токтомуПостановление · № 523
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон