Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 июня 2026 года № 437 "О некоторых вопросах деятельности институтов развития Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-25.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-июну № 323 Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 467, 2026-жылдын 18-мартындагы № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Инвестициялык климатты жакшыртуу, Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өнүктүрүү институттарын мамлекеттик колдоо чараларын жана ресурстарын консолидациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Координациялык кеңешке көмөк көрсөтсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды белгиленген тартипте берсин.
4. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (макулдашуу боюнча) стратегиялык инвестициялык долбоорлорду колдоо маселелери боюнча Координациялык кеңеш менен өз ара аракеттенүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы; Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча); Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясынын ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча); ар кандай өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын ишинин айрыммаселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2026 · № 437
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 токтомуна)Положение · 16.06.2022 · № 323 · Күчүн жоготкон
- МК Токтому №437 25.06.2026Постановление · 25.06.2026 · № 437
- Министрлер Кабинетинин №523 токтомуПостановление · № 523
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 "Кыргыз…Постановление · 18.03.2026 · № 181 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын ишинин айрыммаселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2026 · № 437
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.