Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 73 «Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине:
- календардык жылдын аягында - эмгек акынын орточо айлык фондусунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- эмгек өргүүсүнө чыккан учурда – ден соолукту чыңдоо үчүн эмгек акынын эки айлык фондусунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнө тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 «Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-августундагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №432 "«Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2011 · № 432
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №73 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2012 · № 73
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек…Постановление · 29.08.2008 · № 485 · Күчүн жоготкон