Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 23 апреля 2019 года № 192 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере науки и научного обслуживания"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-23.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 29-августу № 485
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын
президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек
акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумуна
эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. 2008-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму-
нун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы N 1 тирке-
меге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму-
нун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк
акылардын өлчөмдөрү № 2 тиркемеге ылайык;
2. Чарбалык жана жалпы бөлүмдөрдүн, архивдин жетекчилеринин кызмат
акылары башкы адистердин кызмат маяналарынын дењгээлинде белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиу-
мунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине:
- календарлык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык фондусунун
өлчөмүндө он үчүнчү айлык акы;
- өргүүгө чыккан учурда денсоолукту чыњдоо үчүн эки айлык фондунун
өлчөмүндөгү жөлөкпул төлөнө тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиу-
мунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акыны төлөөнүн жањы
шарттары киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте тиешелүү
өзгөртүү киргизсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиу-
мунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-сентяб-
рындагы № 548 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Илим жана иннова-
циялык технологиялар боюнча координациялык кењештин ишмердигинин айрым
маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-фев-
ралындагы № 76 токтомунун 1-пункту.
6. Бул токтом 2008-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-августундагы
№ 485 токтомуна
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
академиясынын президиумунун борбордук
аппаратынын кызматкерлеринин
КЫЗМАТТЫК МАЯНАСЫ
| Кызматы | Кызмат маянасы (сом) |
| Президент | 16000 |
| Вице-президент | 12000 |
| Башкы окумуштуу катчы | 12000 |
| Иш башкаруучу | 10000 |
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу | 9000 |
| Илим жана инновациялык технологиялар боюнча | |
| координациялык кењештин жооптуу катчысы | |
| Кењешчи | 8550 |
| Президенттин окумуштуу катчысы | 8100 |
| Бөлүм башчысы | 8100 |
| Бөлүмдүн окумуштуу катчысы | 6300 |
| Башкы адис | 6300 |
| Жетектөөчү адис | 5850 |
| 1-категориядагы адис | 5400 |
| Адис | 4950 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 29-августундагы
№ 485 токтомуна
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын
кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акылардын
ӨЛЧӨМДӨРҮ
| Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн |
| пайыздык ставка | |
| 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
| 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
| 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
| 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
| 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
| 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
| 25 жылдан ашык | 40 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2019 · № 192
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Илим жана инновациялык технологиялар боюнча координациялык кеңештин…Постановление · 08.02.2006 · № 76 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №548 "Об утверждении условий оплаты труда работников центрального аппарата президиума Национальной академии наук Кыргызской…Постановление · 04.09.2000 · № 548 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомуПостановление · 23.04.2019 · № 192
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2019 · № 192
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №548 "Об утверждении условий оплаты труда работников центрального аппарата президиума Национальной академии наук Кыргызской…Постановление · 04.09.2000 · № 548 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Илим жана инновациялык технологиялар боюнча координациялык кеңештин…Постановление · 08.02.2006 · № 76 · Күчүн жоготкон