КР Министрлер Кабинетинин 04.09.23 ж. №443 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспорттоону, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
– ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;
– Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине ушул токтомго ылайык тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинеушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого)…Постановление · 04.11.2022 · № 600 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартыдагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан…Постановление · 03.03.2023 · № 111 · Күчүн жоготкон