Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 „Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 3-марты № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Ата мекендик пияз өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- пиязга рыноктук бааны кармап туруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн;
- ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;
- ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ташып чыгууга убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 443 "Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого)…Постановление · 04.09.2023 · № 443
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого)…Постановление · 04.11.2022 · № 600 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 04.09.23 ж. №443 токтомуПостановление · 04.09.2023 · № 443
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз…Постановление · 31.01.2023 · № 41 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого)…Постановление · 04.11.2022 · № 600 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз…Постановление · 31.01.2023 · № 41 · Күчүн жоготкон