Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-04.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 600 Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 41, 2023-жылдын 3-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык) Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №111 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 41, 2023-жылдын 3-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алганда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга 100000 тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарды экспорттоого квоталардын экспорттук көлөмдөрүн бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелеринде белгиленген тартипте экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу бар буудай унун өндүрүүчүлөр болуп саналган тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмун жана Евразия экономикалык комиссиясын ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№
Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
1
Буудай жана меслин
1001
2
Күн карама уругу
1206 00 990 0
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (10)
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 16-февралындагы № 974-VII "Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата…Постановление · 16.02.2023 · № 974-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 443 "Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого)…Постановление · 04.09.2023 · № 443
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата…Правила · 04.11.2022 · № 600 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну…Постановление · 17.03.2022 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 3.03.2023 ж. №111 токтомуПостановление · 03.03.2023 · № 111
- КР Министрлер Кабинетинин 04.09.23 ж. №443 токтомуПостановление · 04.09.2023 · № 443
- КР Министрлер Кабинетинин 31.01.23 ж. №41 токтомуПостановление · 31.01.2023 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартыдагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан…Постановление · 03.03.2023 · № 111 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз…Постановление · 31.01.2023 · № 41 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 "Кыргыз Республикасынан…Постановление · 31.05.2022 · № 294 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну…Постановление · 17.03.2022 · № 140 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 "Кыргыз Республикасынан…Постановление · 31.05.2022 · № 294 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартыдагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан…Постановление · 03.03.2023 · № 111 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.