КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 41 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы “бажы” деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесиндеги тизмектин аталышындагы “бажы” деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы № 42 “Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;
- 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) 2021-жылдын 1-июлу - 31-августунда – кумшекер (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 99 100 коду), иштетилбеген тростник канты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 13 жана 1701 14 коддору), рафинаддалган же рафинаддалбаган, бирок химиялык курамы өзгөртүлбөгөн өсүмдүк, сафлор же пахта майы жана алардын фракциялары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) үчүн;”.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2121-жылдын 24-июнундагы № 42 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонуучу кошумча наркка нөл (0)…Постановление · 24.06.2021 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 41 "Кыргыз Республикасынын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташшып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну…Постановление · 23.06.2021 · № 41 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон