Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташшып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 23-июну № 41 Кыргыз Республикасынын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташшып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык) "2014-жылдын 29--майдагы Евроазия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин29 жана 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гуманитардык жардамды кошпогондо):
- 1-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары;
-2- тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары; (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты күн өткөндөн кийин убактылуу тыюу салуунунун киргизилери белгтленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, бул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссисына белгиленген тартипте кабарласын.
4.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, бул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюуу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул токтомдун 1-пунктунда аталган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
У.А. Марипов
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
№
Товарлардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
1
Буудай жана меслин
1001
2
Күрүч
1006
3
Буудай уну
1101 00
4
Өсүмдүк майы
1512, 1512 11 990 1 (сафлор майы)кошпогондо
5
Кумшекер
1701 99
6
Инкубация үчүң уруктандырылган жумурткалар
0407 11 000 0,
Үй тоогунун жумурткалары
0407 21 000 0
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынынн айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
1
Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан тоюту)
1214 90 900 0, 2302
2
Жүгөрү
1005
3
Арпа
1003
4
Сулу
1004
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомуПостановление · 12.08.2021 · № 123
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.