Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 8 июля 2026 года № 469 «О вопросах функционирования Государственного реестра национальных паспортов граждан Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-07-08.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
2020-жылдын 12-июну № 329 Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору тууралуу алынган маалыматты берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредиттелген күбөлөндүрүлгөн борборлорго акы төлөөнүн негизинде маалыматты берүү жагында белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 23-июнундагы № 48 жарыяланды
| Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр | К.А. Боронов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө маселелери…Постановление · 08.07.2026 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана ведомстволук мекемелери тарабынан…Приказ · 12.12.2025 · № 305
- «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна 12-тиркеме)Положение · 14.11.2025 · № 739
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2021-жылдын 6-январындагы № 2-д "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын…Приказ · 06.01.2021 · № 2-д
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Положение · 12.06.2020 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомуПостановление · 04.05.2021 · № 204
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук…Постановление · 04.05.2021 · № 204 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө маселелери…Постановление · 08.07.2026 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.