Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Н.Жапаров
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.03.2017 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 31.12.2008 · № 283 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна…Постановление · 14.06.2017 · № 377 · Күчүн жоготкон