Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 октября 2020 года № 525 "Об утверждении Положения об условиях и порядке осуществления деятельности по выработке и поставке электрической энергии с использованием возобновляемых источников энергии"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-10-30.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июну № 377 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу жана чакан гидроэнергетикада келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жободо:
- 6-пункттагы 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) аймагында чакан гидроэлектрстанция жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, мамлекеттик администрациясынын башчысы – райондун акими же шаардын мэри;”;
- 14-пунктунун төртүнчү абзацында “эл аралык жана” деген сөздөрдөн кийин “/же” деген сөз менен толукталсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тендерди жокко чыгарууга укуктуу. Мында Комиссия таратылууга тийиш. Эгерде жарыялангандан кийин тендер өткөрүлбөй калса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссияны таратып жиберүүгө жана Комиссиянын жаңы курамын түзүү менен тендер жарыялоого укуктуу.”;
- 27-пунктунун тогузунчу жана он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункттагы:
таблицанын 8 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын; таблицанын 9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
9
Уставдык капиталда Кыргыз Республикасынын катышуу үлүшү бар юридикалык жак
Ар бир 10%га 1 балл
10
Гидроэлектрстанцияларды куруудагы иш тажрыйбасы, ишке киргизилген кубаттуулуктардын саны, чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун саны
3 балл
”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ушул токтомдун 1-пункту менен киргизилген өзгөртүүлөр ушул токтом күчүнө киргенге чейин өткөрүлүп баштаган жана жеңүүчүлөрү аныктала элек тендерлерге жайылтылары белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 токтому менен бекитилген)Положение · 17.03.2017 · № 175 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 токтомуПостановление · 30.10.2020 · № 525
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.03.2017 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 525 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун…Постановление · 30.10.2020 · № 525 · Күчүн жоготкон