Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендердик комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бир айлык мөөнөттө:
ишке ашырылып жаткан жана потенциалдуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча ачык маалыматтар базасын түзсүн жана аны жүргүзүүнүн эрежелерин бекитсин;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттун формасын бекитсин;
ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Долбоорлору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ишке ашырылуучу жана потенциалдуу долбоорлорунун маалыматтар базасына кирген мамлекеттик өнөктөштөр, квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик ишканасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу тийиштүү формада отчет берип турушсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин натыйжалуу жайылтуу жана институттук базасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө” токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 823 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2012 · № 616
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2015-жылдын 2-декабрындагы N 823 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда…Постановление · 02.12.2015 · № 823
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2013 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.07.2019 · № 95 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2014 · № 307 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2017 · № 69 · Күчүн жоготкон