Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 14-сентябры № 616 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, 2020-жылдын 21-февралындагы № 111, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146,2021-жылдын 10-декабрындагы № 300, 2022-жылдын 25-мартындагы № 160, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин натыйжалуу жайылтуу жана институттук базасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик - жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган болуп аныкталсын. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өздөрүнүн жоболорун ушул токтомго шайкеш келтиришсин.
4. Бул токтомду аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы…Постановление · 07.10.2022 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2020 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 "2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2016 · № 327 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуПостановление · 21.02.2020 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №333 токтомуПостановление · 28.06.2019 · № 333
Шилтеме берет (7)
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 11.08.2021 · № 98
7 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.07.2019 · № 95 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон