Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын жүзөгө ашыруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
‑ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасы, 1-тиркемеге ылайык;
‑ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасын ишке ашыруунун биринчи беш жылдык баскычы катары 2019-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы);
‑ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасынын индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
‑ жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө топтомо маалымат тапшырып турсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2018-жылдарга карата «Ден соолук» улуттук программасы жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 306 «Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө («Ден соолук - 2020»)» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 134 «2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата «Ден соолук» улуттук программасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 100-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 300-б буйругу.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 300-б (2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тууралу)…Распоряжение · 30.06.2016 · № 300-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 134 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоо программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2016 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 100-б (Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чындоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын ("Ден соолук-2020") жөнүндө)…Распоряжение · 16.03.2015 · № 100-р · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук…Постановление · 24.05.2012 · № 309 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө (“Ден соолук-2020”)"…Постановление · 04.06.2014 · № 306 · Күчүн жоготкон